Menu

Каныбек кийинки шайлоо мандатын бөктөрүптүр

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңеште экс-президент Атамбаевди экс-президенттик статусунан ажыратуу кызуу талкууну жаратып, анын аягы ушул кезге чейин басыла элек. Адилеттик издегендер ага карата түзүлгөн комиссияга наалат айтып, адилеттиктин болгонунан күмөн санагандар көп. Ага ошол эле комиссиянын башында жүргөн Каныбек Иманалиев дагы бир топ шек санатып жаткандай. Атамбаев боюнча түзүлгөн комиссия соңку чечимин окуп жатып, анда Атамбаевдин ЖЭБ боюнча аралашы бар экенин ачыкталганын айтат. Бирок, ошол эле учурда ЖЭБ ишине макулдукту ким бергенин, ал ЖКнын жалпы чечими, ага чейин Каныбек Иманалиев башкарган комитеттин чечимдери болгонун айтып, ал турсун Капаштын уулунун колу коюлган комитет чечимин да интернет барактарына чыгарышты. Буга ЖКнын айрым “уятгуулары” “биз аны ЖЭБ оңолуп кетсин деп колдоп бергенбиз” – дешти. Буга чейин төрага Дастан Жумабеков да Асылбек Жээнбековду колдогон таризде, “ЖК жеп кетсин деп эмес, оңдолсун деп колдогон” деп айткан болчу. Ошентип, өздөрүнө кыпындай көө жугузгулары келбеген депутаттар экс-президенттин статусун алып, аны ар кылмыш иштери үчүн камоого
жол ачып берди. Атамбаевдин мурда-кийин кылган жакшы-жаман иштерин эстеген эл, аны колдоого да алып жатканы бар. Ал ортодо Каныбек Иманалиевдин азыркы бийлик менен коюн-колтук алышып, убадалашып Атамбаевди “чаап” түшүү үчүн кийинки боло турган ЖК шайлоосунан алдыңкы “алтын” мандатты алууга жетишиптир деген кептер тар чөйрөдө сөз болуп, ал аз күндө кызуу талкууну жарата турган абалда турат. “Раим миллион” добро бериптирби (?) аны аз күндө сөз кылабыз.

Каныбек Иманалиев элита чөйрөсүндө “саясий соодагер” атка да конуп калганына аз эле болуптур. Ишенсе деле болчудай, 2010-жылы Апрель шейиттерин узатуу зыйнатында “башкы тамада” боло калып, кызыл тилин жанып, жүрөгү тилине сүйлөп жатканда эле көптөр таң калган болчу. Мындан баарын күтсө болот, айтор.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: