Menu

Тууй ата, Туй аке, тулпарыңды бур аке

Бөлүшүү:

Бийликке таарынса эле табалагандай таң калыштуу кадамдарды таштап ийме адатыбыз бар эмеспи. Анын үстүнө азыркы бийликке сес көрсөтүп, көрүнүп же өзүнүн дараметин кылып койгондор деле жок эмес. Кечээ эле бийликчил, кала берсе Жээнбековдун жел аргысы менен болгусу келгенин ушунчалык каалаган мурдагы КТРдин башчысы Илим Карыпбеков дагы эми тырнактай азуусун көрсөтүп, бийлик тарапка бирдемелерди ыргытуу менен алек. Социалдык баракчасында бул бийликтин кемчилигин сынап бир чыкса, Таластыктар да Атамбаевди жактап башташыптыр деп эки чыгып, өзүнүн чыныгы жүзүн көрсөтө баштады. Эми ал Илим мырзанын көргөн-билгени дегилечи, ошентсе да өлкөнүн ушул кездеги абалы араң турганда кечээги эле мамлекеттик жетекчи, болгондо да маалымат булагынын “падышасы” болгон КТРдин жетекчиси катары, чагымчылга жандаш болгон андай билдирүүлөрдү айтуу акылга, анан калса этикага да жатпасын унутпаса болмок. Эми ал өз эрки. Биз айттык.

Муну айтканыбыз жакында эле журналист кыздын келбетине “кызыгып” койгон Чүйдүн чүйгүнү Туйгунаалы Абдраимов акебиз дагы, унчукпаганы менен айрым адамдарга акырын эле Атамбаев тарапка ооп кетем таризде сөз айтканын угуп, оозубузду Ош базарын карап олтурат. Алар бириксе, эки “элдир-селдир” эмне болоор экен деген кептер, эл ичинде айтыла баштады. Кыргызга кыйын кездер болгон кезде, буларды ит менен издеп таппайсың шекил, бирок ушундай өз кызыкчылыктарына келгенде, кетмен-күрөк көтөрө чуркай берген, иштерман дымактуу “дыйкан” боло бергенине айран таңбыз. Эл эмне дейт эле, эбак андайлардын канча маскасы бар экенин билип бүтүшпөдүбү.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 83 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: