Бүгүн, 2019-жылдын 2-июлунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Ага-Хандын Өнүгүү Тармактарынын Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн Башчысы (АКДН) Шамш Кассим-Лакха менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар Кыргызстан менен АКДНнын кызматташуу жана келечектүү өз ара аракеттенүү багыттарын, тактап айтканда социалдык-экономикалык чөйрө, билим берүү, саламаттыкты сактоо, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жаатындагы маселелерди талкуулашты.
Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнү колдоого багытталган АКДНнын Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан программалары Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун 2019-жылды региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгын ишке ашырууну илгерилетери белгиленди.
Министр Чыңгыз Айдарбеков АКДНнын долбоорлору жана программалары Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнө мындан ары дагы көмөк көрсөтөөрүнө үмүт артты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ