Menu

Баренц деңизиндеги өрттөн Орусиянын 14 аскери мерт болду

Бөлүшүү:

Баренц деңизинин түбүндө илимий-изилдөө иштери менен алектенип жүргөн аппараттагы өрттөн Орусиянын Аскер-деңиз флотунун 14 жоокери мерт болду. Бул тууралуу 2-июлда өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, каза болгондордун бардыгы офицерлер. Алардын арасында биринчи рангдагы жети капитан жана эки Орусиянын баатыры бар.

Өрт «Орусиянын Аскер-деңиз күчтөрүнүн кызыкчылыгы үчүн» деңиз түбүн изилдеп жүргөн аппаратта 1-июлда күндүз тутанган. «Пландык иштер маалында Баренц деңизинин Орусияга тиешелүү аймагында жүргөн аппаратта өрт чыккан. Жыйынтыгында иске ууланып 14 аскер кызматкери каза болду», — деп билдирди Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу.

Орусиялык маалымат каражаттардын маалыматына караганда, өрттүн келип чыгышына электр түйүндөрүнөн чыккан жалын себеп болгон. Коргоо министрлигинен билдиришкендей, аппараттагы өрт өчүрүлүп, жабыркагандар аскердик госпиталга жеткирилди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: