Menu

Камила Талиева, экс-вице-премьер-министр: “Атамбаев жеңил пиар жасап, спектакль коюуда”

Бөлүшүү:

-Камила эже, Роза Отунбаева Атамбаевдин акыркы мезгилдеги аракеттери тууралуу билдирүү таратып, саясий бечелдигин көрсөттү деп айыптады. Анын койгон дооматы жөндүү элеби же чындыкка дал келбейби?

– Роза Отунбаева сындагандан мурда, Атамбаевди президенттикке өзү алып келгенин да моюндап, өзүнө да дооматты койсо калыстык болмок. Эң оболу кыргыз элинен өзү кечирим сураш керек болчу. Анын койгон дооматы бир жактуу болуп калган, калыстык үчүн айтып коюу керек.

Ал эми, Атамбаевдин бүгүнкү күндөгү кадамдары албетте туура эмес. Мыйзамдуу мамлекетте өз элин эмес, мыйзамды калкан кылышы керек болчу, ал эми, мыйзамдарга ишенбесе, ошол мыйзамды иштеткен Сот системасын өзү кураганын билиши керек. Кандай болгон учурда да мамлекетти башкарган экс-президент мындай кадамдарга барбашы керек эле.

– Ал бул кадамдары менен өзүн коргоп жатабы же “азыр да колумдан көп нерсе келет” деп бийликке сес көрсөтүп жатабы?

– Эң жогорку кызматты ээлеп жүргөн инсан мынчалык мыйзамсыз аракеттерге барбоосу керек эле. Бийликке сес көрсөтүү аракети да болуп жаткандай, коомчулукта бийликти кетирүү чакырыктары да болуп жаткандай жагдай түзүлүп жатат. Албетте, ал кадамдары үчүн мыйзам астында жооп берүүсү керек. Ким болбосун, мыйзам талаасында өз укугун коргоо керек. Атамбаев өзү айткандай, мыйзамдар иштебейт, сотко ишенбейм десе, ошол системаны өзү түзбөдү беле, ошонун үзүрүн өзү көрүп жатат.

– Анын кадрлары колдоп барганы пиарбы же элди алдообу?

– Мындай спектакль боло берчү эле көрүнүш, “мына мени дагы да эл колдоп жатат” деген эле бир жеңил пиар. Башкача айтканда, элди алдоо болуп саналат.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: