Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Беларусь Президенти Александр Лукашенкону Беларусь Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Беларусь Президенти Александр Лукашенкону Беларусь Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Беларусь Республикасынын Эгемендүүлүк күнү мамлекеттик майрамына байланыштуу чын дилимден чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Сиздин акылдуу жетекчилигиңиз астында Беларуста мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө жана элдин бакубатчылыгын жогорулатууга багытталган маанилүү социалдык-экономикалык реформалар жүргүзүлүүдө. Кыргыз Республикасы эки тараптуу форматтагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөөгө,  ошондой эле ЕАЭБ, ЖККУ, КМШ алкагында көп тараптуу мындан аркы өз ара аракеттешүүгө өзгөчө маани берет. Биздин өлкөлөр жана элдер ортосундагы ири потенциалды ишке ашыруу үчүн ишенимдүү жана конструктивдүү алакалар негиз болоруна ишенем», — деп белгиленген куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Александр Лукашенкого чың ден соолук, бакты-таалай жана бакубатчылык, ал эми жалпы Беларусь элине тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: