Menu

Мурат Жетимишбаев, коомдук ишмер: “Эмнеге АШАны жабыла сындап калдык..? Себеби эмнеде? АША өзгөрдүбү, же биз өзгөрдүкпү?”

Бөлүшүү:

– Кеп чынынан бузулбайт. 6 жыл бою Атамбаевди сындап келгендердин биримин. Анда, АША “сынчылары”: Дайырбек, Аскат, Адилет өңдүү инилерим, Акбалык, Гүлжан, Савриниса сыяктуу, кандан бектен кайра тартпаган, карындаштарым. Чыны, аз эле элек.

…А бүгүнчү? Элибиздин “элүү жылда, эл жаңы…”, – деген кеби күчүн жоготкондой. Эки жыл ичинде, жаңырып кеттик. Айрыкча “элиталар”. “Кудайдын кулагы сүйүнсүн” азыр, АШАны сындачу жаңы “элитный” сынчылар жайнап кетип, мурунку “эски гвардия” сүрүлүп, четке чыгып калгандайбыз!

Ооба, кечээ эле Атамбаевди колдоп, бизге карата “оозун баскыла”, – деп УКМКны жиберип, тап берип жүрүшкөн мурунку шефтерим, бүгүн биз менен бир катарга туруп АШАны чогуу сындашып калганыбызга ыраазы элемин. Ток этерин айтканда, менин айтайын дегеним, эмне себептен, тез арада эле, аң-сезимибизде революциясы болуп, “жумулуп” жаткан көзүбүз ачылып, барыбыз агыбыздан жарылып, өткөн мезгилди, АШАны жабыла сындап калдык…? Себеби эмнеде? АША өзгөрдүбү, же биз өзгөрдүкбү?

Албетте, ал өзгөргөн жок, биз өзгөрүдүк, бирок бизди ким өзгөрттү? Ушуга жооп бергим келди! Туура, президенттик шайлоо “кыргыз көчү, жолун улайт”, – деген ураан менен СДПК партиясы, элдин да колдоосу менен жеңишке жетишип, Сооронбай Шарипович Жээнбеков Ажо болду! Каршыларыбыз утулдук! …Инаугурация, бата, кош кабат ыраазычылыктар, баары сонун болду. “Эки тизгин, бир чылбыр менин колумда” деген, мурунку “кербен башы” кубанычынан толкуп, ташып турду. Ичинен, “СОВЕРШИЛОСЬ!” деди…

Ошентип, Көч кайрадан сапарга чыкты. Ооба, эми бизди ким өзгөрткөндүгүн, чындыкка тике карап, ачык айталы!

…Эгерде, Сооронбай Шарипович Жээнбеков, Атамбаев ойлогондой, Ажо болгонуна ыраазы болуп, кербен башындагы чоң бууранын эки өркөчүнүн ортосуңдагы, мамыктын үстүндө магдырап, АШАнын жетегинде кете бергенде, ахыбалыбыз кандай болмок?

…Бардыгы АШАнын учурундагыдан да жаман болмок! “Жебеген жердин алдында”, – деп жегичтериң күчөмөк. Жогорку Кеңеште, мамлекеттик кадр саясатында, СДПК партиясынын, АШАнын атамандык доораны жүрө бермек! Ал эми, элита арзыматтарыбыз болсо, мурункудай эле ордуларынан тура калышып, алакан чаба, “үрөөлөп” жүрө беришмек! Сөздүн кыскасы, баатырлыкты төшкө илип коюп, “каалаганыбызды кылабыз” деп, кайкалай баскан кош хандуулук өкүм сүрмөк! Биз дагы, ээрчишкен экөөнү көрүп, айла жоктон ары карап ыйлап, бери карап ырсыйып коюп отурмакбыз! Же калппы? Калп десеңер айткыла..! Анан, Эл жарылмак, катуу жарылмак! Ошондой аламааттан сактап, элди оңолуу жолуна салып, жогорудагы айтылгандай, акыл сезимибиздеги революциянын себепчиси, ким болду? Жагынды дебегиле!

Албетте, жалгыз гана Сооронбай Шарипович Жээнбеков! Ал 6-7 жыл бою башаламан багыты жок коррупцияга малынган мурунку көчтүн багытын эл жакка буруп түз, таза жолго багыт алгандыгы чыныгы эрдик болгону жалганбы? Бул өтө чечикиндүү тарыхый кадам Шарипович үчүн оңойго турган жок! Мурунку досторунан душман тапты. Натыйжада, мына бүгүнкү күнү, душманга айланган “кан досу” Кой-Ташта өзүнүн күнөөсүндөй, көп таштарды жыйып алып, “ажо менен атышам”, – деп радикализмдин үрөнүн сээп, элди бөлүп жарып жаткан кези. Парадокс, бүгүнкү күндө, мурунку досун, душман көргөн Атамбаев, тескерисинче, өзү, жалпы элдин душманына айланып калгандыгын сезбегенине таң калам! Аттиң, от менен ойнобосо болот эле. Мейли, бизди укпаса да, жок дегенде мурунку мыйзамсыз түзүлгөн, Убактылуу Өкмөт боюнча үзөңгүлөш, соратниги Эмилбек Саламатовичтин кайрылуусу, же айылдаш аксакал абасынын айткандарын угуп, “эсим барда, этегимди жабайын”, – деп мыйзамдуулукка баш ийип берсе, өзүнө да, жанында коргомуш болуп жаткан шыкакчыларына деле жакшы болмок! Күн өткөн сайын ахыбал курчуп, “балтыр бит башка чыгат” болуп баратканын барыбыз толук сезип турабыз! Бул боюнча ардактуу Кемел Ашыралиев агабыз айткандай убакытты чоюп отургандан ахыбал курчубаса, эч жеңилдебейт! Чечкиндүү чечим кабыл алынып, бул тирешүүгө тез чекит коюлушу абзел! Бул жаатында мамлекет тарабынан мыйзамдулуукту сактоо боюнча кандай чечкиндүү чаралар колдонбосун, жалпы эл толук колдоого алаарына эч күмөнүм жок! Эң башкысы, мамлекетибизде ынтымак, тынчтык болсун!

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: