Menu

Өзбекстан: Башкы прокуратуранын жогорку кызматтагы ондогон аткаминери иштен алынды

Бөлүшүү:

Өзбекстанда мурдагы башкы прокурор Отабек Муродов камакка алынгандан кийин Башкы көзөмөл органдын жогорку кызматтагы ондогон аткаминери жумуштан алынды. Бул тууралуу өлкөнүн күч түзүмдөрүндөгү өз булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда кызматтан алынган прокуратура кызматкерлеринин көбү кылмыш иштеринде күбө же шектүү катары сурак берип жатышат. Алардын айрымдары мурдагы башчысы Отабек Муродовго каршы көрсөтмө берип, ал кол алдындагыларды ири өлчөмдө пара берүүгө мажбурлап келгенин билдиришүүдө.

Ошол эле маалда камактагы Отабек Муродовдун адвокаты менен жолугушуусуна уруксат берилбей жатканы кабарланууда.

Күч түзүмдөрдөгү булактардын бири өлкөдө облустук прокурорлордун 70 пайызы кызматтан кетүү тууралуу арыз жазып, алардын бул өтүнүчтөрү канааттандырылганын билдирүүдө. Азырынча Башкы прокуратура бул маалыматты ырастай элек.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасында «кадрдык тазалоолор» мурдагы эки башкы прокурор — Рашид Кадыров менен Ихтиёр Абдуллаев камакка алынгандан кийин башталган. Аларга коррупция жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу айыптары тагылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: