Menu

АША басмачы, каракчыларга окшошуп баратабы?

Бөлүшүү:

АША үй-бүлөлүк үчүнчү башкарууну түзгөн

АША бийликте турган алты жылдын ичинде коррупциялашкан криминалдык гана эмес, мамлекеттик, элдик каражаттарды ажыдаардай соргон үй-бүлөлүк башкарууну да орноткондугу эми ачыкка чыгууда. Балдары ГЭСтер менен керектөөчүлөрдүн ортосунда ортомчу фирмаларды түзүшүп же электр энергияларына жөнөкөй эле алып сатарлык кылышып, жыл сайын жүздөгөн миллион сомдорду чөнтөктөрүнө солоп келишкендиги мурдатан айтылып, жазылып келген, бирок ханыша айым Раиса Атамбаева да мамлекеттик башкаруу иштерине гана эмес, рейдерлик иштерге аралашып, башкалардын бизнестерин тартып алууга активдүү катышкандыгы кечээги теле берүүлөрдө айкын болду. Бул үй-бүлө ач көздүгү, алдым-жуттумдугу жагынан АША дайыма боктоп келген биринчи, экинчи үй-бүлөлүк башкаруулардан калышпаптыр. Ири долбоорлорду коррупциялык максаттарда пайдалануу жагынан алардан да ашып кетиптир. Дагы изилдеп, иликтесе, дагы көптөрү чыгат окшойт. АШАнын “мага кудай дайыма көп акчаларды берет, мен баймын” дегени ушундан – экен. Эң чоң бийликте тургандыгынан пайдаланып, көптөгөн коррупциялык механизмдерди уюштуруп, ага да алымсынышпай, рейдерлик иштерди жетектешип, аялынан тартып балдарына чейин элдин, мамлекеттин мүлктөрүнө суук колдорун матырышса, алар байыбаганда ким байыйт?

АША өз бизнесин китеп чыгарып сатуу менен түптөп, 1990-жылдардын башталышында эле миллионерге айлангандыгын кайталаганды жакшы көрөт. Бирок, коомдук ишмер Кемел Ашыралиевдин айтымында, бир вагон китеп чыгарып сатса деле үч жылкынын акчасы болот. Эки-үч жыл түгүл, өмүр бою басма иштери менен алектенип келаткандардын деле мультимиллионерге айланышы абдан кыйын. Чет өлкөлөрдө дүйнөлүк масштабдагы медиахолдингдерди жетектегендердин ондогон миллион долларлык байлыктары жөнүндө угабыз, бирок постсоветтик мейкиндиктеги өлкөлөрдүн ичинде басма иштери аркылуу мультимиллионерлерге айланышкандар жөнүндө уга да, окуй да элекпиз. Бул жагынан алганда АШАнын китеп чыгарып байыгандыгы жөнүндө айткандары Түркиядагы бизнесиндей эле таптакыр чындыкка коошпогон мифтерден. Эгерде ал чын эле бай болсо, Нариман Түлеевден 500 миң доллар карызга алмак эмес. Ал карызды аларын алып, бирок кайра төлөгөнгө келгенде бергиси келбей чыр чыгарып, кер-мур айтышкандыгы үчүн аны саясый куугунтукка гана эмес, түрмөгө тушуктуруп, биротоло сындырууга аракеттенгендиги да эми ачыкка чыкты. Же Н.Түлеевди АШАнын зомбулугунун курмандыгы десе болот.

АША президент болуп турганда гана эпсиз байып, катар-катар хан сарайларды салдырды. Бир нече ЖМКларды ачып, жер жайнаган тейлөөчү кызматкерлерди, кеңешчилерди, эксперттерди, журналисттерди багууда. Анын ЖМКларында иштегендер АШАны мактайбыз, жактайбыз, экстремисттик билдирүүлөрүн таркатабыз деп өздөрүнүн келечексиз авантюраларга аралашып алышкандарын, мүмкүн, ал үчүн убагы келгенде мыйзам алдында жооп берип калышарын эң сонун билишет. Аларды ойлогондо кеткилери да келишет, ким эле өз келечегин тобокелге салгысы келсин, бирок башка ЖМКларда иштегендердин түштөрүнө да кирбеген олчойгон айлыктар гана аларды кармап турат. Алардын алды 300, арты 60 миң сомдоң алары айтылып келет. Же “сайдыкы-сайга, кумдуку-кумга” дегендей, ар кандай долбоорлордун аркасы, кылмыштуу топтордун жардамдары менен бекер келген акчалар самандай сапырылып чачылууда. Анын жакын ортодо түгөнөрү байкалбайт, тескерисинче Кой-Ташта жылкылар, букалар, койлор союлуп, ар кимдерге олчойгон суммалар төлөнүп, чыгымдар көбөйүүдө. АША акчаларын башкаларга калтыргыча, биротоло чачып түгөткүсү келип жатат окшойт.

Эрегишкен эки тараптын эмес, чындык менен коррупциянын күрөшү

АША азыркы ички саясый кырдаалды эрегишкен эки тараптын кармашы катарында көрсөтүүгө жандалбастоодо. Чындыгында андай эмес. Ал мыйзамдуулук менен кылмыштуулуктун, уурулук менен тазалыктын ортосундагы күрөш болуп саналат. Аракеттеги президент шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө эле коррупцияга, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө убада берсе, 2017-жылдын 26-январындагы Бишкек ЖЭБинде болгон авария – коррупциянын ордосу кай жерде экендигин ашкерелеп койду. Андан башталган иликтөөлөр, башка резонанстуу иштер боюнча тергеп-тескөөлөр да түптүз АШАнын өзүнө алып келди. Адегенде АША Бишкек ЖЭБиндеги, “Дастан” ААКсындагы, бир катар курулуштардагы коррупциялык иштер боюнча кармалгандардын көпчүлүгүнө адвокат болуп чыкса, көп өтпөй анын пайдасыз экендигин дароо түшүнүп, өзүнун көп былыктарын түздөн-түз билгендерди гана коргоп, актаганга өттү. Маселен, ”Электр станциялары” ААКсынын, Бишкек ЖЭБнин жетекчилери, адистери, албетте, АША менен түздөн-түз байланышта болушкан эмес, алар өздөрүнөн жогоркулардын көрсөтмөлөрүн гана аткарышкан. Ал эми мурда президенттик аппараттын бөлүм башчысы, жетекчиси, премьер-министр болуп, ортомчулук кылган С.Исаков, “Энергохолдингди” жетектеген А.Калиев, бир кездеги кампа башчысы, кийин майлуу-сүттүү жерлердеги коррупциялык иштерди уюштурган А.Ибраимов, ТВЕАнын гранттык акчасына ээлик кылган К.Кулматов АШАнын эң жакын санаалаштарынан болушкан, алар көптү билишет. Эгерде алар чындыкты айтышса, дагы көп нерселер ачыкка чыгат. Ошондуктан АША башкаларына кол шилтеп таштап, “эми ушулар ашыкча сөздөрдү айтышпаса экен” деп ошолорду гана коргоп жактап турду. Ал сыртынан коргомуш болгон менен ичинен тезирээк камалып кетүүлөрүн күттү эле, ал ою ишке ашпай өзүнө сыйыртмак жакындаганда гана “тапанчаларын, винтовкаларын, кармаганы келгендер менен атышарын” айтып чыкты. Эгерде жогоруда аталгандар үчүн чындап күйсө, эмнеге алар кармалганда “тапанча, винтовкаларды” оозанган эмес. Алар билгендерин ачыкка чыгарышпаган менен калган иштер боюнча түз көрсөтмөлөр деле аны экстик макамдан ажыратууга жетиштүү болгондон кийин мамлекеттик резиденцияда жата берсе, бир күнү кулагынан кармап жетелеп кетишерин түшүнүп, шашыла Кой-Таштагы хан сарайына көчүп, ар кимдерди алдап-соолап, көңүлдөрүн алып чогултуп, тегерете коргонууга өттү.

Кой-Ташта АШАны жактап, “коргоп калабыз” деп интервью берип жаткан энелер, эжелер, анан ар кандай себептер менен азыркы бийликке нааразы болуп жүргөндөр жөнүндө эч нерсе дегибиз келбейт, алар үйрөтүлгөндөрдү айтышты, көпчүлүгү эмнелерди сүйлөп жатышкандыгын деле толук, аңдап түшүнүшпөсө керек, бирок сабаттуу эле адамдардын көзгө сайгыдай болуп турган фактыларды да танып, АШАны чаң жугузбай мактап жатышкандарын укканыңда, көргөнүңдө алардын ушунчалык бет тырмарлык кылып, карандай калптарды ышкыртып жатышкандары зээниңди кейитет. Башкалары да мейли эле, бирок акыркы жылдагы статистикалык маалыматтарды да тангандан деги кандай акыл-эстүү адам абийир табат?

АША Телибай тентектей чимкирик менен түкүрүктүн деңгээлине түшүп кеткен

“Атамбаев деле ийри жолго түштү. Ал өлкөнү Телибай тентектей эле чалчаңдап башкарды. Кол баласын премьер, айылдаш инисин УКМКнын башчысы, аппаратында иштеп акелеп жүргөн келинди башкы прокурор, жан сакчысын ички иштер министри, ичкен-жегени арам адалы аралашып калган жигитти борборго мэр, чай ташыган кызын вице-премьер кылды, – дейт АШАнын алты жылдык бийлиги жөнүндө коомдук ишмер Кемел Ашыралиев. – Кыскасы, төрт тарабы кыбыла болду, айланам чептей бекиди, эми менин чоорумдун алдында бийлеген, апта сайын отчет берип турган адамды президент кылып шайлап алсам, арам байлыгымды арбытып 6 жыл өткөрсөм, андан кийин С.Исаков президент болот деген ойдо жүргөн. Мен кыргыздын тирүү пайгамбарымын, мага кудайдын куту түшкөн, оозума келгенди оттойм, оюма келгенди жасайм деген кем кыялга алдырып кечээги бийик макамынан кулап, чимкирик менен түкүрүктүн деңгээлине түшүп кеткен”.

“Атамбаевди дароо отургузуш керек, – дейт К.Ашыралиев андан ары. – Болбосо бул ар нерсени дөөрүп келжирей берет. Муну тез арада кармап жоопко тартыш керек”.

Коомдо саясатты какырык менен түкүрүккө айландырып, экстремисттик чакырыктарды жасап жаткан АШАны тезирээк эсине келтирүү керек деген пикирлер басымдуу көпчүлүктү түзөт. Чындыгында эле ал элдин жинине биротоло тийип бүттү, ошондон улам айрымдар АШАга каршы өздөрүнчө күрөшөрүн да билдиришүүдө. Кыргызстанды башкаларга шылдың кылууда. Укук коргоо органдары укурукту кенен таштап, ашкере сабырдуулук менен мыйзам чегинде иш алып барышууда. Бирок, АША аны түшүнбөй, сабырдуулукту коркоктук катарында кабылдап, ансайын кутуруп баратат. К.Ашыралиев менен Э.Каптагаев туура айтышкандай, коррупционерлерди кустурабыз дешсе эле алар тапанчаларын, мылтыктарын көтөрүп чыгып, “атышып өлөм” деп басмачы-каракчылардын деңгээлине түшүп кете беришсе, анда кайдан өлкөдө мыйзамдуулук, тартип болот?

Арменияны сегиз жыл башкарган Роберт Кочарян үч жолу камалды, ал өз укугун мыйзам чегинде гана коргоодо. Тергөөчүлөр чакырса убагында келет, бардык суроолорго жооп берет, аны колдоп митингге чыккысы келгендерди өзү тыюуда. Өлкөнүн кызыкчылыгын өз кызыкчылыгынан жогору койгон саясатчы ошондой болушу керек. Ал эми АША деген балээ “тергөөгө чакырабыз” дей электе эле, тапанча, мылтыктар менен коркутуп, түрмөгө түшпөс үчүн жакындарын, өлкөнү кырсыкка учуратканы жатат. Ал цивилдүү, мыйзамдуу өңүттө сүйлөшкүсү да, жооп бергиси да келбейт. Андай чектен чыккан экстремистти мынчалык эле аяй бергендин зарылчылыгы барбы? Ал ашкере чыдамдуулук өлкөнүн кызыкчылыгына ылайык келеби?

Биздин оюбузча, элди ичтен бөлүп жарып, коомдо саясый туруксуздукту, атүгүл кандуу кагылышууларды уюштургусу келип жаткан адамга ашкере сабырдуулук кыла бергендин да кереги жок. Ал мыйзам чегинде тезирээк башкаларга сабак болгудай тартипте өз жазасын алуусу зарыл. Болбосо АШАнын оорусу башкаларга да жугуп кетүүсү ыктымал.

Автандил Белеков

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: