Түркмөнстандын Дашөгүз облусунда мамлекеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлерин курортук Аваз шаарында эс алуу үчүн жолдомолорду сатып алууга мажбурлашууда.
Каспий жээгиндеги 5-10 күндүк жолдомо үчүн бюджеттик кызматкерлерден орточо 2500 манат талап кылынууда. Расмий курс боюнча бул 741, көмүскө базарда 131 долларга барабар.
-Эгер ар бир мекемеде орточо 30дан киши иштесе, кеминде алардын бешөө Авазга жолдомо сатып алууга милдеттүү. Жолдомонун узактыгы 5-10 күнгө чейин созулат. Ар бир күн 200 манат турат. Бул баанын ичине жол кире жана тамак-аш кирбейт. Бардык чыгымдарды жумушчулар өз мойнуна алат, – деди «Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчысы.
Анын айтымында, жолдомодон баш тарткандарды «жумуштан бошотобуз» деп опузалашууда.
Акыркы жылдары түркмөн бийлиги Авазда мейманкана, аквапарк жана башка объектилерди куруу үчүн жүз миллиондогон доллар каражат короткон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ