Menu

Атамбаев бир гана нерсени – аймак аралык кастыкты козутууну, өлкөнү өз жана өзгө деп бөлүүнү көздөп жатабы?

Бөлүшүү:

Ачыгын айталы, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев акыркы кадамдары менен чектен чыгып кетти. Экс-президент макамына ээ болуп турганда, оюна келгенди сүйлөп, айткан-дегендерине отчет бербей келсе, экс-президент макамынан ажыраган соң андан бетер күч алды. “Колума курал алып атышам” деп террористтер айтчу нерселерди билдиргенге өттү. Атамбаевдин андай сөздөрүн Кой-Таштагы хансарайынын короосуна чогулган бир ууч КСДПчылар, арашандыктар менен “Апрель” телеканалындагылар эле колдоого албаса, жалпы кыргыз элинин кыжырлары келип турган кез. Өлкөбүздөгү бир топ аттуу-баштуулар, саясий жана коомдук ишмерлер Атамбаевдин Кой-Таштагы аракеттерин катуу айыпташып, өз пикирлерин билдиришүүдө.

Роза Отунбаева, КРнын экс-президенти: “Атамбаев саясий чабалдыгын жана адамдык акылсыздыгын көрсөтүүдө”

– Алмазбек Атамбаев коомчулукта конфронтацияны, радикализмди, келишпестиктерди жарата турган бөлүп-жаруучу түшүнүктөрдү таратуу чеберчилигин эң жакшы билет. Ушул күндөрү Атамбаев укуктук аракеттерге каршы иштерге даярдык катары баалоого боло турган бир нече нерселерди айтып жиберди. Азыркы бийликти “бакиевдики” деп атоо менен ал бир гана нерсени – аймак аралык кастыкты козутууну, өлкөнү өз жана өзгө деп бөлүүнү көздөп жатат. Аялдардан, аксакалдардан жана жаштардан өзүнө тирүү коргон жасап, өзүнө карата ыкчам тергөө аракеттерине курал менен каршылык көрсөтөрүн билдирүүдө. Ал муну оппозициялык ишмердүүлүк жана жеке эрдик катары сүрөттөп жатат, бирок ал өзүнүн саясий чабалдыгын жана адамдык алсыздыгын көрсөтүүдө.

Ушул эле тергөөчүлөр, прокурорлор жана соттор менен өзү куугунтукка алган атаандаштарына, митинг өткөрбөй, өзүнүн актыгын сотто далилдөөгө ал өзү чакырып келген эмес беле? Саясий буйрук менен камакка алына турганын билип туруп, өзүнүн атынын актыгы үчүн күрөшүү үчүн Өмүрбек Текебаев Кыргызстанга келбеди беле? Аз күн мурдараак Армениянын президенти Роберт Кочарян үчүнчү жолу камакка алынып, бирок күнөөсүн мойнуна албаганына карабай, соттун чечими чыккандан кийин тергөөгө өз ыктыяры менен келди. Ал муну атаандаштары менен тарапташтарын катыштырууну жана араң жеткен туруктуулукту бузуп алууну каалабай турганы менен түшүндүрдү. Мына, саясий лидерлердин жоопкерчилиги жана инсандын духунун бекемдиги. Алмазбек Атамбаев ушул саясатчыларды үлгү тутуп, өзүндөгү коомго болгон сый мамилени ойготсо болмок. Ошондо коом да ага карата кылмыш ишин жарандык көзөмөлгө алмак.

Табылды Акеров, саясат таануучу: “Атамбаев курал колдонсо, анда күнөөсү оорлойт, жазасы дагы катуулайт”

– Атамбаев акыркы “сотко барбайм, атышам, курал колдоном” деген сыяктуу билдирүүлөрү менен коркуп калганын билдирип жатат. Ал мындай болуп кетээрин күткөн эмес. Мурдагыдай эле ар кимге догурунуп, ар кимди кемсинтип, мазактап жүрө берем деп ойлогон. Парламент аны ооздуктап, балп этмелерин токтотуп, өлкөгө кичине тынчтык алып келели деп, баары биримдикте аракет кылат деп ойлогон эмес. Атамбаев эми гана абалдын өтө татаалдашып кеткенин түшүндү. Атамбаевдин курал менен коргоном дегени да туура эмес. Анткени, ошентип олтуруп, ал эгер бир нерсе болуп кетсе, анда жанындагылардын баарынын убалына калышы мүмкүн. Бөөдө өзү менен кошо башка адамдарды да темир тор артына ала кетиши мүмкүн. Эгер Атамбаев курал колдонуп, атышып кетсе, же элди көтөрөм деп аракеттенсе, анда анын күнөөсү мындан дагы оорлойт. Жазасы дагы катуулайт. Аны ал өзү жакшы билет. Ак үйдүн 7-кабатына олтуруп алып, С.Жапаровду, Б.Талгарбеков, Б.Асанов жана башкаларды менин бийлигимди төңкөрүш жолу менен тартып алганы жатат деп, жок шылтоолор менен каматып жибербеди беле. Анда өзү да келме кезекке кептелип камалып кетиши мүмкүн.

Кемел Ашыралиев, коомдук ишмер: “Атамбаев жандалбастап, Ормон опуза жасап жатат”

– Сооронбай Жээнбековду жалпы эл шайлады, азырынча иши түзүк, мүмкүнчүлүк бериш керек, азырынча ана-мына деш эртерээк, калганын убакыт көрсөтөт.

Атамбаевге карата ишти аягына чыгара турган болсо Жээнбеков да, жалпы парламент да чоң эрдик жасайт. Мунун орду чоң. Коомдо тазалануу башталат. Мамлекет жогор жактан тазаланбаса ылдый жак тазаланбайт. “Президент ажыдаардай жейт турбайбы, мен чычкандай эле кемирем”- деп баарынын алкымы бузулган. Анткени, президенттер кол тийбестигине таянып же качып кетип жазасыз кала берген. Ошондон улам азыр айыл өкмөттөн баштап чоң өкмөткө чейин кимди казса да былгып чыгып жатат. Жээнбеков “мен мындай ыпластыкка барбайм, мындан аркылар таза иштешин” деген дем менен чоң ишти баштады. Муну мен коомдук тазалануунун башаты деп ойлойм. Ал өзүнө өзү ишенгенден, “бирдеме болсо эртең өзүм жооп берем” деп, мойнун тосуп берип жатат. Эгер Жээнбеков мурункулардын жолун тандаганда “өгүз өлбөсүн араба сынбасын” деген принцип менен курч маселелерди көтөрбөй, “мен сага, сен мага тийбе” деп тынч, жай иштей бермек. Чоң ишти баштады. Азамат.

Атамбаевдин акыркы кадамарына келе турган болсок, ал бүгүн көрүнгөндү чакырып акча берип жандалбастап жатат. Көлдөн эки кызды, Нарындан үч баланы чакырып, 6 боз үйдү тиктирип, муштумдай таштан 5 дөбөнү чогултуп койсом эле коркуп калат деп Ормон опуза жасап жатат. Эң эле акыркы вариант, Атамбаев өзүн өзү атып салышы мүмкүн. Эгер өзүн өзү атып салса, анда, бизди психикалык оорулуу адам башкарганы ачыкка чыгат. Азыр ар кандай шылтоону айтып актанымыш болот, Россияга китеп жөнөтүп байыгам деп. Эмне деген келжиректик. Бир вагон китеп 3 жылкынын баасы, ага ким байыйт. Айтор, бул жооп бере турган күнгө жетти. Коркпой барып кармаш керек, эч нерсе кылалбайт. Колун көтөрүп чыгат. Эгер оперативдик кызматкердин бирөөсүн атып көрсүнчү, Атамбаев эмненин ичинен чыгар экен. “Живой щит” коём деп жатат, акчага жалдангандарга да жан керек. Анан бийлик коркоктук кылып колдо турган күнөөкөр адамды кармай албасак анда бийлик болбой калбайбы. Жегендин баары мылтыгын кучактап отура берсе, аны жоопко тарта албасак, мамлекет болобу?

Надира Нарматова, Жогорку Кеңештин экс-депутаты: “Президент болгонун унутуп, талаа командири болгондун зарылчылыгы барбы?!”

– Кыргыз мамлекетинде эгемендүү мамлекеттин бирдиктүү, бир эле куралдуу күчтөрү бар спецназ оштукпу же биздикиби дегени эмнеси? Куралдуу күчтөрдүн мурунку кол башчысы, унутуп калган окшойт, Кыргызстан деген бир эле мамлекет бар экендигин. Таң калыштуу. Тооба, тооба кылдым. Ынсап бергин өзүнө. 2010-жылкы, апрель кандуу төңкөрүлүшүнөн, июнь коогалаңдуу окуяларындагы энелердин көз жашынан, бозоргон жетимдердин убалынан корккула! Жеке керт башыңарды ойлоп, элдин тынчын албагыла! Ачык айталбай, кыйыр түрдө ар түрдүү сөздөр менен элди бөлүп, жарып сүйлөгөндү токтоткула! Аны мамлекеттик күзөт, жекече жансакчы коруктап турат. Ашыкча элди чогултуп, өз эшигин тебеленди кылып, экс-президент экендигин унутуп, талаа командири болгондун зарылчылыгы барбы! Аттиң, дегенден башка сөз жок. Кыргызстан үчүнчү төңкөрүштү көтөрө албайт. Канды эңсебей, элдин каргышына калбай, көрсөткөнүнө шүгүр келтиргиле. Тооба келтиргиле, жылаңач баатыр болуп, жан кечти болууну самабастан. Ким менен атышасыңар, эл мененби, бийлик мененби? Жигиттер “жалко” болгудай. Элге тынчтык, биримдик, ынтымакчылык керек! “Битке өчөшүп, ыштанын отко салыптыр” болбой, сабырдуу болгула! Бүгүнкү күндөр дагы өтөт, кетет! Жеке таарынычты жалпы элден өч алууга айландыруу, тарыхта кечирилгис окуя болоорун ойлоп койгула!

Каныбек Осмоналиев, профессор: “Кудайга каниет кылып, сот иштерине катышып, адилеттикке жетип албайбы?”

– Роза Отунбаева Алмазбек Атамбаевдин акыркы аракеттери боюнча билдирүү жасап, “саясий бечелдигин көрсөтүп, элди калканч кылып жатат” деген доомат койду. Бир жагынан Отунбаева туура эле айтып жатат. Бирок, ошол саясий бечел Атамбаевди 2011-жылы Отунбаева башында турган Убактылуу өкмөт президеттикке алып келген. Ал кезде эмне, байкабай калыштыбы? Себеби түшүнүктүү. 2010-жылдан кийин алар бийликти каалагандай калчап, эптеп колдон чыгарбоонун айласын издешкен жана табышкан. Ал ошол кездеги акчалуу, бирок, элди адекваттуу башкарууга жөндөмү жок Атамбаев гана болчу, алардын пикиринде. Натыйжасында эмне болду. Атамбаев хан болду, Убактылуу өкмөт аман калды. Анан 2016-жылы 31-августта Атамбаев алардын баарын “согуп” таштады! Өзү жалгыз бийледи. 2017- жылы өзү каалаган мураскорун президент кылып “шайлап” алды! Жыйынтыгы бүгүнкү “Кой-Таш” синдрому! Роза Отунбаева ушулардын баарына биринчи кезекте окумуштуу – философ жана тажрыйбалуу саясатчы катары анализ берсе жакшы болоор эле! Болбосо, эжебиздин кечээги пикири жөн эле өзүнүн жеке келесоолугунун азабынан капаска камалып калган, жаралуу Атамбаевди тепкилегендерге кошулуп алган бир “пендечилик” эле болуп калды!

Атамбаев 6 жыл бир топ эле калпыс иштерди жасап алды. Натыйжада, азыр алардын көбүнө жооп берүүгө туура келет. Аны баш прокуратура тергөөгө алды. Бул кылмыш иштери сотко чейин жетет. Ошондон чочулап, ал катуу коргонууга өтүп алды. Чындыгында, Атамбаев өзүн-өзү капаска камап алды. Күчтүү адамдары жүз үйрүп кетишти. Бул чоң трагедия! Ошондуктан адекваттуу эмес кадамдарга барууда. Бул туура эмес. Кудайга каниет кылып, сот иштерине катышып, адилеттикке жетип албайбы? Элди кыйнабай. Бул эркектик эмес!

Бийлик да элди ойлош керек. Атамбаев менен сот-тергөө органдары иштесин. Мыйзам ошондой. Азыр эки тарап тең өчөшүп алышкандай. Менимче, алар өз тагдырларын элге тапшырганы калышты. Эл анда өзү адилет чечип коет!

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: