Menu

Кеңешбек Дүйшөбаев : “Түлеев менен Бакиев түштүктөгү баш-аламандыкка 1 млн. доллар беришкен”

Бөлүшүү:

Айрым маалымат каражаттары жана социалдык түйүндөр мына ушундай макаланы жарыялап жатышат. Бул макала 2010-жылы жарык көрүптүр. Ошол эскини эми эске кайрадан салып турушканы. Ал кезде Кеңешбек Дүйшөбаев УКМКнын төрагасы болуп турган. Ал Ош окуясы тууралуу берегидей билдирүү таратыптыр. Көз чаптыралы: «Түштүктөгү кан төгүлгөн согушту Курманбек Бакиевдин улуу баласы Марат менен Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеев экөө каржылап уюштурушкан», – бул тууралуу атайын чукул жыйын учурда убактылуу өкмөттүн Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев билдирди.

Анын айтымында атайын ызы-чуу уюштурууга жогорку айтылган инсандар тарабынан 1 миллион доллар которулган. «Башкы аткаруучулар Үсөн Сыдыков жана «Ак Жол» партиясынын экс-депутаттары болгон. Алардын башкы максаты – бийликти кайрадан, кандай гана болбосун кан төгүлсө дагы кайтарып алуу болгон. Алар түштүктө бийликти басып алып анан Убактылуу Өкмөткө ультиматум коюуну пландашкан. Бирок, эл азыр баарын түшүнүп билип калды, провокаторлордун артынан эл ээрчибейт. Биз Курманбек Бакиевдин кылмыштуу кланын кайрадан бийликке келишине жол бербейбиз», – деди Кеңешбек Дүйшөбаев. Убагында генералдын бул билдирүүсүнө эмнеге көңүл бурулбай калды. Чынында тыкыр иликтөөгө алынып, чын-төгүнү териштирилген болсо, анда Түлеев анда азыр жоопко тартылышы керек эле.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: