Menu

ИИМ Бишкектин борборунда чет өлкөлүк жаранды ур-токмокко алуу фактысы боюнча ишти иликтөөнү көзөмөлгө алды

Бөлүшүү:

Ички иштер органдары тарабынан шаардын борборундагы бейбаштык фактысы боюнча сотко чейинки иликтөөлөр башталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

“Айчүрөк” Борбордук универсалдык магазиндин имаратынын жанынан Чет өлкөлүк жарандын денесине жаракаттарды келтирген белгисиз адам тарабынан жасалган бейбаштык фактысы КЖБРге катталып, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын 138-беренесинин 1-бөлүмү (Саламаттыкка оор залал келтирүү) боюнча сотко чейинки иликтөөлөрүн жүргүзүп жатат.

Бейбаштык иш-аракеттерине жана адамдардын укуктарын бузууга тиешеси бар адамды кармоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Аталган факты Кыргыз Республикасынын ички иштер минисрлигинин көзөмөлүндө. Бул окуя 2-июль күнү саат 16:30 чамасында “Айчүрөк” Борбордук универсалдык магазиндин имаратынын жанында болуп, белгисиз адамдар Бишкектеги тил үйрөтүү мектептеринин биринин мугалими Т.А. аттууну сабап кеткен. Жабырлануучу оор абалда Улуттук госпиталга жеткирилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: