Menu

Темирбек Асанбеков, “Мекен Ынтымагы” партиясынын төрагасы: “Биздин саясатчыларда айкөлдүк жок, көпчүлүгү өтө кекчил адамдар!”

Бөлүшүү:

– Отунбаеванын Атамбаев тууралуу тараткан билдирүүсү купулуңузга толдубу же түрдүү ойго салдыбы?

– Биздин жогорку бийлик даражасына жеткен адамдар чыныгы эл камын көргөн акылмандуулук саясый даражасына жете элек экени өкунүчтүү. Анткени, акылдуу, билимдүү саясатчы, сөзсүз түрдө жогорку дипломатия сапаттары менен эл ынтымагын, мамлекеттин кызыкчылыгын, коомдук стабилдүүлүктү коргойт. Роза Отунбаева сабатсыздыгын, жеке көз караштан жогору көтөрүлө албастыгын далилдеди. Жок дегенде табийгаттык энелик сезим да жардам бербеди.

– Роза Исаковна мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Атамбаевден өч алууну максат кылган жокпу?

– Негизи эле биздин саясатчыларда айкөлдүк жок, көпчүлүгү өтө кекчил адамдар. Бул өзгөчөлүк адамдык сапаттын моралына жатпаган кыргыз элинин азабы. Ошон үчүн ушундай жагдайлар орун алып, элди кыжаалат кылып, санаркатып жатышат.

– Атамбаевден мурун стабилдүүлүктү Сооронбай Жээнбеков ойлошу керекпи?

– Албетте, мамдекеттин туруктуулугу, журт башчынын иш аракетине жана каалоосуна байланыштуу. Президент чындап кааласа, бийликтин мүмкүнчүлүгүн, потенциалын пайдаланып, саясый оппоненттери менен тил табышуу шартын түптөй алат.

– Атамбаевдин эл чындап колдой баштадыбы же Алмазбек Шаршенович алар менен коргонууга аргасызбы?

– Алмаз Шаршеновичте мындан башка арга да, айла да жок. Ал өзүн өзү алдады, өзүн өзү жазалады. Тышкы мамлекеттин жетекчилери, ал ишенген саясый партнерлору да сатып кетти. Эми чыныгы жаңы саясый элитаны тарбиялап, өстүрүп чыкса гана акылмандуулук менен катасын түздөп, саясый даражасын калыбына келтире алат. Болбосо мындан да кадырын кетирген иштерге жол берип, айласы кетип, аргасы түгөнгөн мезгилге жетип калат.

Экс-президенттин кадрлары Атамбаевдин штабына барып, акыбал-жайын сурап, баары биригип, өздөрүн коргоо чараларын көрбөсө, эртең аларга да кезек келээрин түшүнө башташты.

– Мындай саясаттын эмнеге алып барышы мүмкүн?

– Элди бөлүп жаруу, башкача көз караштагы оппоненттер менен мамлекеттик туруктуулукту күчөтүү саясый багыты, эч бир мамлекетке жакшылык алып келген эмес.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 + = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: