Menu

ИИМ: Москвада 2 жыл мурда дайынсыз жоголгон Кыргызстандын жаранын тактоо боюнча иштер жүргүзүлдү

Бөлүшүү:

Дайынсыз жоголгондорду издөө-бул жоголгондордун кайда экендигин аныктоо боюнча ыкчам-издөө ишмердүүлүктүн бир багыты. Көп учурда ички иштер органдарына чет өлкөдө дайынсыз жоголгон туугандарын издөө жана көп жылдардан бери кайда экендигинин белгисиздиги жөнүндө жарандар кайрылат. Дайынсыз жоголгондорду издөөгө алуу издөө ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыттарынын бири жана ал тыкыр иликтөөнү талап кылат. Жакында туугандары менен эки жылдан бери байланышы жок Москвада дайынсыз жоголгон Кыргызстандын тургунун тактоо боюнча иш жыйынтыкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия  Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө Кыргыз Республикасынын жараны, Чүй облусунун 1975-жылы туулган Ч.Ш. аттуу тургуну (аял киши) кайрылып, жарандык жолдошу, Кыргыз Республикасынын жараны, Чүй облусунун 1968-жылы туулган М.С. аттуу тургуну дайынсыз жоголгондугун билдирип, жардам көрсөтүүнү суранган. Маалым болгондой, акыркы жолу аны Москвадан 2017-жылы 11-июль күнү көрүшкөн. Сурамжылоонун жүрүшүндө алар 2001-жылдан бери чогуу жашашканы, жарандык никесинен 3 жашы жете элек балдары бар экендиги, Москва шаарына жана Москва облусуна 2016-жылы
каражат табуу максатында келишкени аныкталган. Ч.Ш. аттуу жубайы 2017-жылдын июлунун аягында жарандык жолдошунун дайынсыз жоголгондугу тууралуу факты боюнча арыз менен жергиликтүү полиция бөлүмүнө кайрылган жана ушул күнгө чейин текшерүүнүн жыйынтыгы белгисиз экендигин, ошол эле убакта өз өлкөсүнө келгенине байланыштуу жашаган жерин жана телефон номурларын өзгөрткөнүн билдирген. Узак убакыттын ичинде өзүнүн издегени эч кандай жыйынтыктарды берген эмес.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө  кайрылгандан кийин Россиянын аймагында дайынсыз жоголгон Кыргызстандын  жаранын издөөнү уюштуруу үчүн Россиянын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы  башкармалыгына кайрадан кайрылуу чечими кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн иш-аракети менен Москва шаары жана Москва облусу боюнча аймактык бөлүм менен биргеликте дайынсыз жоголгон М.С. аттуу жарандын кайда жүргөндүгүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн, сүрөттөлгөн маалыматтарга окшош таанылбай калган өлүктөрдү тактоо үчүн Россиянын ИИМдин бардык каттоолору текшерилген. Бардык тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Дайынсыз жоголгондордун туугандары өзүнүн жакындарынан кандайдыр-бир малымат алуу үчүн жылдар бою кайгы-муңга батып, үмүттөрүн үзбөй күтүшөт. Канча гана убакыт өтпөсүн жакын тууганы тирүү болбосо дагы ал боюнча далил алмайынча ишенгиси келишпейт. 2019-жылдын 28-июнь күнү Ч.Ш. аттуу жарандын катышуусу менен 2017-жылдын 16-июлунда Москва шаарынан киши колдуу болуп өлбөгөн азият түспөлүндөгү белгисиз адамдын жансыз денесинин сүрөтүн көрсөтүү боюнча өлүктү тануу жүргүзүлгөн. Аталган факты өзүн өзү өлтүрүү фактысы катары катталып, экспертиза жүргүзүлүп,
маркумдун жансыз денеси өлүкканага жеткирилип, кийин жерге көмүлгөн. Көрсөтүлгөн сүрөттөр боюнча аял өзүнүн жарандык жолдошу, эки жылдан бери дайынсыз жоголгон М.С. аттууну тааныган.

Азыркы учурда зарыл болгон процесстик иш-аракеттер жүргүзүлүп, тиешелүү  документтер алынып, эксгумация тууралуу жана жүк “200” кичи мекенине жөнөтүү маселелери чечилүүдө. Дайынсыз жоголгон мекендештерди издөө жана кайда экендигин аныктоо ар дайым Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчиликтин көзөмөлүндө. 2018-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү 16 жыл дайынсыз жоголду деп эсептелинген Кыргызстандын жаранын тапкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − 86 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: