Menu

Өзбекстанда мурдагы башкы прокурор Отабек Муродов үй камагына чыгарылганы айтылууда

Бөлүшүү:

Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Отабек Муродов 28-июнда үй камагына чыгарылганы айтылууда.

Өзбекстан күч түзүмдөрүндөгү бири-бирине көз карандысыз эки булактын билдиришинче, мурдагы башкы прокурор ага тагылган айыптарды мойнуна алып, тергөө менен кызматташууга макулдук берген.

Бул маалыматты Муродовдун тууганы жана мурдагы кесиптеши да тастыктады. Бирок өзбек бийлиги экс-прокурордун үй камагына чыгарылганы жөнүндө расмий түрдө кабар бере элек.

Ташкенттик адвокаттардын бири Муродовго мамлекеттик жактоочу дайындалганын билдирди.

Отабек Муродовдон шаардан чыкпоо жана үй камагы учурунда Интернет, мобилдик телефон менен колдонбоо жөнүндө тилкат алышкан.

2-июлда Отабек Муродовду конвойдун коштоосунда үйүнөн суракка алып кетишкен. Ошол эле күнү ал мурдагы прокуратура кызматкерлери менен беттештирилген.

44 жаштагы Отабек Муродов кызмат абалынан кыянат пайдаланууга, пара берүү жана алууга айыпталууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: