Menu

“Чимкирик парламентке” чыдайлы, а өкмөт “мал болбой калды”…

Бөлүшүү:

Эс алуу бүткүчө эки ай убакыт бар. Тез эле өтөт. Бул аралыкта бийлик катачылыктарын оңдоп, элдин купулуна толуу үчүн чечкиндүү жолду тандашы зарыл.

Учурда кандай өзгөрүүлөргө баруу керек? Күзгө чейин Жогорку Кеңешти кезексиз жыйынга чакырып, жаңы өкмөттү шайлабаса да, чекесинен министрлерди алмаштырып, эл алдында кадыры бар, профессионал кадрларды тарта башташы шарт. Аңан сентябрдын башы менен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди кетирбесе болбойт. «Мойнунан байланган ит уута жарабайт» деген макалды эстен чыгарбайлы. Өлкөбүздөгү көп көйгөйлөрдүн баары айланып келип эле аткаруу бийлигинин иштей албай атканына такалууда. «Мал болбой калды». Элдин да чыдамы бир күнү түгөнөт да, туурабы? Андыктан, күчтүү өкмөттү кураганга дайынданып, чечкиндүү кадамдарга эмитен даярдана башташ керек…

А «Чимкирик парламент» аталган депутаттарды шайлоого бир жыл калганда таратып жиберүү канчалык маанилүү? Бир чети Жогорку Кеңештин шайлоосу өз мөөнөтүндө өткөнү стабилдүүлүк үчүн маанилүү. Буларды да эл шайлаган. Эмесе, кичине чыдайлы. Биз канчалык Жогорку Кеңешти тепкилеп, кетирүүнү кааласак да, кыялыбыз ишке ашпайт. Шайлоого аттана турган негизги саясый күчтөр да азырынча камырабай отурушат. Кептин баары электоратына ишенген, каражаттуу тыңчыкмаларда жатат.

Баргы Кусеинов

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: