Menu

Генералдык чин даражаны кимиси алат? Алмаз Орозалиевби, же Самат Курманкуловбу?

Бөлүшүү:

Кадыр-барктары какшып калганын билбеген Чүйдүн аксакалдары бийликке кошомат кылуу менен Атамбаевге каршы «үрүп» алганга жарашты. Мындайлар Акаев, Бакиев бийлигинен бери ушинтип эле жандалбастап келишет. Башка абройлуу интеллигенциянын каймактары үн катышса туура кеп болгонун билдирет элек. Ошентип, бийликке жагынуу менен оң-тетири кетишкен кошоматчылар тескери иш кылып атышканын түшүнүп атышабы?.. Мындан да кызыгы, Атамбаевди камакка алууга ИИМ негизги күч катары киришери, тилекке каршы, бул жактагы жетекчилер кайпактап атышканы, эртеңки күндөрүн ойлошкону, айтор, калчылдашканы менен кайсы жоону чабышат? Айрым маалыматтар боюнча, Атамбаевди алууга ИИМдин орун басары Алмаз Орозалиев кол баштай турганы, Чүй ОИИБнин начальниги Самат Курманкулов капталдан чыга турганы болжонуп атыптыр. Эгерде экөөнүн кимиси эрдик көрсөтсө, дал ошого генералдык чин даража ыйгарыла турганы айтылууда. А кокус иштери ийгиликсиз жолдо калып, максаттарына жетпей калышсачы? Андыктан, абай салуу керек. Азыр убакыт жөнөкөй эмес, жети өлчөп, бир кесүү шарт…

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: