Menu

Ыманалы Саркулов, Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын төрагасынын орун басары: “Коопсуз шаар” үчүн бизге жыйырма миңден ашык адам кайрылды”

Бөлүшүү:

– Айып пулдун көптүгүнө, туура эмес белгилерге эл нааразы болуп келет. Айып пулду азайтууга жаңы кандай жагдайлар каралууда?

– Ал боюнча азыр комиссия иштеп жатат. Бирок, бир тараптуу, толук кандуу эч бир чечим чыга элек. Комиссиянын кийинки отурумдарында да карайбыз. Ар бир эреже бузууга, жол кыймылынын эрежелерине, кырсыктын кесепеттерине карап чечим чыгарылат.

– Укук коргоочу Акин Токталиев мыйзамсыз салынган айып пул боюнча сотто утуп чыкканын айтты. Сиздердин кандай жообуңуздар бар?

– Акин Токталиев боюнча өз позициябызды видео кайрылуу боюнча да, кагаз түрүндө да массалык маалымат каражаттарына бердик. Бул жерде соттун чечими дагы бар. Акин Токталиев соттун чечими чыга электе эле элди дүрбөлөңгө салып, бурмалоого аракет жасаган. Белгилердин баары мыйзам чегинде орнотулган. Жол кыймылы боюнча башка маселелер чыкса караш керек. Ал эми Акин Токталиевдин дооматтары туура эмес.

– Эл тарабынан сиздерге кандай кайрылуулар, талаптар болууда?

– 3-марттан бүгүнкү күнгө чейин «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагыңда жыйырма миңден ашуун кайрылуу болду. Айып пулду азайтууну сурангандар да көп. Төрт минден ашыгы вотсап номери аркылуу кайрылышты. Тогуз миңден ашуун жаранды биздин кабыл алуу бөлмөсүндө кабыл алып, тиешелүү түшүндүрмө иштери жүргүзүлдү.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − 94 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: