Menu

Кыргызстандагы саясый кырдаал күн менен кошо жарыша ысыды

Бөлүшүү:

Кыргызстанда жай мезгилинде саясый окуялар азайып, маалымат каражаттарынын көрүүчүлөрү, окурмандары азаят. Бирок, бул жайда күндүн аптабы менен катар саясый окуялар ысып барат. Жогорку Кеңеш Атамбаевден кол тийбестикти алып, кырдаалды курчутуп, эс алууга тарап кетти. Бирок, саясатта быйылкы жайда эс алуу жок окшоп калды. Абал курчучудай. Ысык аптапта саясый чатактан оолактап турган президент Жээнбеков парламентти Атамбаев менен кармашууга мажбур кылды.

30 жылдан бери саясатта, оппозиция, бийликте жүргөн Атамбаев акыркы бир нече айдан бери күн тартибин өзү аныктап келет. Кой-Ташка штаб түзүп жатып алган Атамбаевге анын генералдары Абдил Сегизбаев, Улан Исраилов, президент Жээнбековдун кеңешчиси Айбек Азыранкулов, Жыпар Жекшеев, дин аалымы Абдышүкүр Нарматов, Кореянын мурунку элчиси Кылычбек Султан, КСДПчы дагы бир депутат Мухтар Айнакуловдун барышы абалды ого бетер кызытты.

Үйүнө таш төктүрүп, «курал колдоном» деп туюк коргонууга өткөн Алмазбек Атамбаев чабуулга өтүүнү чечти. 3-июлда «Форум» имаратынын алдында «Соке болбой калды» деген таризде митинг өткөрдү. Атамбаев коомчулукта парламент депутаттары, бийлик өкүлдөрүнө нааразычылыкты чеберчилик менен колдонгусу келет. Ошондуктан эң башкы урааны катары эски элитаны кетирип, жаңы жүздөрдү бийликке алып келүү, парламентти таратууну көтөрүүдө.

Эл арасында парламентке, саясый элитага жек көрүү сезими күчтүү болгону менен Алмазбек Атамбаев ал нааразычылыкты өзүнө буруп кете албайт. Андыктан, ага эл
колдоосуна ээ болгон жаш өнөктөш – саясый лидер керек.

Атамбаев менен Жээнбековдун тиреши «Кыргызстанга келем» деп сөз берип, бирок, келбей коюп бети жер караган Өмүрбек Бабановдун баасын асмандатты. 1-июлда Төрөбай Зулпукаров баштаган депутаттар Өмүрбек Бабанов менен жолугушууга барганы тууралуу маалымат тарап, сүрөттөрдүн чыгып кетиши Бабановдун эки ай мурун «кайтыш» болгон кадырын кайтарып берди.

Ал арада экс-президент Роза Отунбаева баштаган мамлекеттик, коомдук ишмерлер «Атамбаев элге бүлүк салып жатат» деп позицияларын тактаса, «Атамбаевден кол тийбестик мыйзамсыз алынды» деген Адахан Мадумаров «абал курчуп баратат» деп үн катты. Күч теңдешсиз болуп турса дагы, ормон опузага салып, бийликти Москвага чейин ат чаптырган Атамбаевдин күчү канчага барат, же бир нече күн катуу даярданып өткөргөн митинги акыркы «огубу», азырынча белгисиз. Эртең дагы эмнелер өзгөрүп кетерин көрө жатарбыз…

Сакен Бөрүбаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: