Menu

Сууга чөгүп каза болгондор көбөйүп баратат

Бөлүшүү:

Кыргызстанда сууга чөгүп каза болгондор көбөйүп жатат. Буга байланыштуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) жарандарга кайрылып, жайкы мезгилде сууга түшүүдө этият болууга чакырууда. Шар аккан сууга, терең саздарга жана көлмөлөргө түшпөөгө кеңеш берип, сууда сүзө турган кемселдерди кийип алуу зарыл экенин эскертти. Министрликтин басма сөз катчысы Элмира Шерипова билдиргендей, быйыл жыл башынан бери 57 адам сууга чөгүп кетти. Анын он сегизи 12 жашка чейинки балдар, он экиси өспүрүмдөр.

2018-жылы Кыргызстанда 134 адам сууга чөгүп каза болгон. Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында кырсык көп катталган. Каза тапкандардын 80и жай мезгилинде сууга чөккөн.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: