Казакстандын коргоо министри Нурлан Ермекбаев Арыстагы ок-дары сакталган кампада чыккан өрттү «жаратылыш кырсыгы» катары мүнөздөп, «элден кечирим суроого себеп жок» деп айткандыгы үчүн социалдык түйүн колдонуучулары тарабынан сынга алынууда.
«Мында эч кимди күнөөлөөгө болбойт, бул жаратылыш кырсыгы. Ар бир арсеналдын өзүнүн кооптуулугу бар. Азырынча элден кечирим суроого себептерди көрбөй турам», — деп билдирген министр 3-июлда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Ал ортодо 4-июлда өлкөнүн биринчи вице-премьери жана каржы министри Алихан Смаилов Арыс шаарын калыбына келтирүү үчүн 34,5 миллиард теңге (90,7 миллион доллар) талап кылынарын билдирди.
24-июнда Арыстагы аскердик кампада чыккан өрттөн эки жоокер жана автоунаасына снаряд тийген жергиликтүү тургун мерт болгон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ