Menu

Ок чыга турган өлкөгө инвестиция жана туристтер келбейт. Быйылкы Ысык-Көлдүн сезону эмне болот?

Бөлүшүү:

Кыргыз коомчулугунда элге таанымал коомдук ишмерлерге «Атамбаевдин Кой-Ташка эл чогултканы, «атышам» дегени, митинг өткөзгөнү, ушулардын кесепети биздин туризмге кандай таасир этүүдө? Маселен, ушул мезгилде Россиядан, Казакстандан Ысык-Көлгө келе турган эс алуучулар кескин азайып кетиптир. Жыл бою күткөн көлдүктөрдүн ырыскысы кемип калабы?» деген собол таштап, жообун алдык. Калыс пикирлер да болду.

Ашырбек Бакаев, генрал-майор: – Ооба, Атамбаевдин кылык-жоругу туризмге эле эмес, дегеле эл турмушуна эң жаман таасир калтырып атат. Мындай окуялар акыркы эки он жылдыктан бери болуп келе жатканы эгемендүү өлкөбүзгө пайда апкелбеди. «Кыргыз мамлекетинин өнүгүүсүн ойлосо, ушундай кадамдарга барыш керекпи?» дейт экенсиң. Жети жыл эл башкарган адам цивилдүү вариантын издесе болмок.

Учурда Атамбаевдин тегерегиндеги көрүнүштөр, анын ичинде «атышам» дегени коомдун аң-сезимине апаат кылып, акыл-эси ордунда адамдарды да таңкалтырып атат. Биз мурунку ажонун мындай нерсесин түшүнбөй атабыз. Эми терең талдап, себептерин билели десек, көп сөз болуп кетчүдөй, убакыт да талап кылынары шексиз. Кыскача айтканда, мурунку Атамбаевге кошомат кылышкан депутаттар менен аткаминерлер! Азыркы Атамбаевди да кылган ошолор эле. «Керкисинде да, кемигинде да бар» дегендей кеп болууда. Анын кесепетинен эки ортодо карапайым эл эзилип, эки-үчкө бөлүнүүдө. Эгер бүгүнкү бийлик элдин колдоосуна алына турган татыктуу, тандамалуу иш-чараларды кылып, иш жүзүнө ашырса, анда «көчүбүз түзөлүп кетер эле» деген ишеничтемин…

Урмат Акунов, жарандык активист: – Атамбаев биринчиден, президент болуп турганда ойлонушу керек болчу, ичпей-жебей иштеш керек эле. Эмң ичтиңби, жедиңби, суракта жооп бер! Анча таза болсо «атышам, куралым бар, коргоном!» дебей такташып алсын. Бүгүнкү күндө өлкө ичине башаламандык уюштуруп атканы, ар кандай чагымчыл сөздөрдү ыгы жок айтып атканы – мурунку президент катары жана кыргыз жараны катары туура эмес кадам таштоодо. Азыр биздин өлкөгө келе турган туристтерди быякка кой, колунда бар бизнесмендер, ишкерлер «дагы эмне болуп кетет, согуш чыгып кетпейби?» деп чочулап атышат. Ал эми ушундай ойлонулбаган иштин айынан ЬІсык-Көлгө келе турган туристтердин саны кескин азаят, жергиликтүү эл жылдагыдай киреше таппай, айла жоктон Атамбаевди жек көрө баштайт. «АШАнын кесепетинен куружалак калдык, ырыскыбызга балта чапты!» дегендер четтен чыгат. Бийлик жакынкы арада чара көрбөсө, эл өзү чара көрүп коюшу ыктымал. Албетте, муну ар бир кыргыз жараны каалабайт. Элди митингге үндөбөй, коргонуу чарасын, атышууну көздөбөй карапайым элди ойлоп, мамлекеттин бүтүндүгүн көздөп, тынч эле суракка барып койсун, эркекче кадам кылсын!

Каныбек Осмоналиев, коомдук ишмер: – Мен кечээтен бери бала-чакам мене Ысык-Көлдөмүн. «Жакшынын шарапаты, жамандын кесепети» демекчи, «Кой-Таш синдромунун» туристтик сезонго баар бир терс таасирин тийгизип атканын туюп отурам. Мисалы, Бостеринин пансионаттарында туристтер жылдагыга салыштырмалуу абдан аз. Бирок, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн паника кылуунун деле кереги жоктой. Анткени, сезон эми эле башталбадыбы? Кызыгып сурамжылоо салдым. Талды-Коргондук бир казак жигит үй-бүлөсү менен эс алып жатыптыр. «Кооптонуп келдик эле. Бирок, азырынча тынч экенсиңер. Өзгөчө Атамбаев азаматыңардын «атышам» дегени бизди аябай эле коркутту» деди. Албетте, «тынч элебиз» деп жубаттым. Россиянын Читасынан келген дагы бир жигит менен сүйлөшүп отурдум. Биздин саясат менен такыр эле иши жоктой же мага билигизбедиби, айтор, билбейм. Эң чоң кабатыр болуп жаткандар – жергиликтүү эл. Бир-эки досум «бул саясатыңар такыр эле сасып кетти го? Качан элди ойлойсуңар?» деп ороңдошту. Бул Атамбаев деген неме биротоло эле чектен чыгып кетти! Аны тез аранын ичинде ооздуктап, мыйзам боюнча ордуна коюп койбой, расмий бийлик эмнеге эле мышык-чычкан ойнотуп отурат, түшүнбөйм! Оюндан от чыгарып алышып, эки жак тең элден чоң «таяк жегени» калышты окшойт!

Жылдыз Жолдошова, коомдук ишмер: – Албетте, азыркы саясый абал республикабыздагы бир гана туризмге терс таасирин тийгизбестен, элибиздин тынч уйкусун бузуп турган учуру. Муну баарыбыз моюнга алуубуз шарт. Атамбаев Кой-Ташка жатып алып элди чогултуп, митинг кылып, жадагалса «атышам» дегени акылга сыйбаган иш. Өлкөнү жети жыл башкарган адамдын айта турганы, кылам дегени ушубу? Кыргызстан – укуктук өлкө. Баардык маселе мыйзам талаасында кылдат чечилиши керек. Мамлекеттин келечегин ойлосо кана? Элибизге баарыбыз ыраазы болсок болот, өз киндигин өзү кесип, мамлекетке жүгүн артпай жашап келе жатат. Болуп жаткан жагдай бир эле туризм жаатына эмес, бүтүндөй өлкөбүздүн өсүшүнө зыяны тиери талашсыз. Анткени, инвесторлор коркуп, кабатырланып, биздин тынчтык орнобогон өлкөгө келбей да коюшу турулуу иш. Андыктан баарыбыз акыл калчап иш кылуубуз абзел. Инвестициясыз бир да өлкө алдыга жыла албайт…

Асия Сасыкбаева, коомдук ишмер: – Биздин мамлекет үчүн туризм сезону абдан маанилүү. Өзгөчө Ысык-Көлгө келген туристтер экономикабыздын бир ыптасын көтөрүп кетишчү. Жергиликтүү карапайым эл жай мезгилин бир жыл бою чыдамсыздык менен күтөт. Атамбаевдин кесепетинен чет элдик туристтер Көлгө келбей калышы да мүмкүн. Көлдүктөрдүн ырыскысы кемип, өздөрү күткөн пайданы таппай кала турган болсо, Атамбаевдин дарегине жакшы сөздөр айтылбайт, каргышка калат. Ким эле атышып аткан өлкөгө эс алганы келсин? Негизинен «бийликке өзүбүздүн мамилебизди, көйгөй маселелерибизди айтабыз» дегендер жаз жана күз айларында чыгышчу, «өлкөгө келчү туризмге терс таасир этпейли» деп. Жөнөкөй адам эмес, мурунку президент «куралым бар, атып коргоном» деп отурса, албетте, туристтерге коркунуч болууда! Анткени чет өлкөлүк ММКлар күнүгө бизде болуп жаткан маселелерди чагылдырып жатышат жана биздин мамлекеттеги кыбыр эткендин баары аларга маалым.

Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − 48 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: