Бүгүн, 4-июлда тараган маалыматка ылайык, экс-генпрокурор Азимбек Бекназаровдун уулу – Руслан Бекназаров КР Президенттик аппаратынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмүнүн эксперти кызматына дайындалды. Бул маалыматты аталган бөлүмдүн башчысы Саякбай Субанов да тастыктады.
Руслан Бекназаровдун кызматтык милдетине – аймактардан түшкөн жарандардын кайрылууларын анализдеп, анын жыйынтыгында президенттик аппаратка өзүнүн эксперттик сунуштарын багыштап турат.
Руслан Бекназаров 1981-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айылында туулган.
1997-2002-жылдары Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетинде жогорку билим алган.
2003-2005-жылдары КР Акыйкатчысынын аппаратында иштеген.
2005-2007-жылдары КР Улуттук коопсуздук кызматында эмгектенген.
2007-2009-жылдары КР Өкмөтүнүн Жогорку Кеңештеги ыйгарымдуу өкүлүнүн эксперти кызматын аркалаган.
2011-жылы сентябрь-ноябрь айларында КР Тышкы иштер министринин жардамчысы болгон.
2011-жылы ноябрдан 2012-жылдын ноябрына чейин Кыргызстандын Япониядагы элчилигинде иштеп келген.
2017-2019-жылдарда Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектенип келди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ