Menu

Бактыбек Райымкулов, “Республика – Ата-Журт” фракциясынан ЖК депутаты: “Биз Жээнбековду мамлекеттин тынччылыгы, келечеги үчүн колдоп жатабыз”

Бөлүшүү:

– Бактыбек мырза, депутаттык комиссиянын мүчөсү катары Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу боюнча чечимге кандай комментарий бересиз?

– Атамбаев өзүнүн акыркы алты жылда иштеген иштери үчүн жооп бериши керек. Эгер таза болсо, акталып чыксын. Эгер күнөөсү болсо, мойну менен тартсын. Мен акыркы алты жылда демократиянын принциптери сакталганын көргөн жокмун. Бийликке, президентке сын айткандардын дээрлик баары камалды. Бир гана Маевскийдин көрсөтмөсү менен Текебаев да абакга отурат. Манасты ЮНЕСКОго кайта каттатып келген Самаковду «менин атымды айтпайсың» деп болбогон жер үчүн камады. Балдарын, достору менен чыркыратып камады. Самаков ал жерди сатып алган. Ал жерди трансформация кылган премьер камалгай жок. Чындык бар экен, чыкты алар. Революция болду, Бакиев кетти, анын жерлерин Атамбаев колдонуп атат. Эмне үчүн ал колдонушу керек? Эмне, жетим-жесирлерге бөлүп берсе болбойбу? Колунда жокторго, майыптарга берсе болбойбу? 2,5 гектар жерге хансарай салып атат. Ага он сотых жер жетет да. Тарых өзү тастыктап чыгат экен. Кудай ТЭЦ аркылуу көрсөтпөсө, балким, билинбей калмак.

– Азыр элдин бир бөлүгү «Атамбаев бирдеке чыгарып ийбес бекен» деп кыжалат болушууда. Сиз кандай деп ойлойсуз, эке-президент өлкөдөгү олку-солкулуктарга себеп болушу мүмкүнбү?

– Биз материалдарды прокуратурага бердик. Алар бүт баарын аныктап, коомчулук, эл билиши керек. Атамбаев кайра тополоң чыгарганга аракет кылууда. Бирок, биз 2005-жылкы, 2010-жылкы ревоюцияны көрдүк да. Атамбаев бийликке келип, эмне кылды? Ичип-жеп, талкалады. Ошон үчүн баарына сабак болушу үчүн биз аны экс-президент макамынан ажыраттык. А эгерде… «Мен колума кишен салдырбайм, куралым бар, атышам» деп атпайбы. Биз мындай сөздөрдү мурда да укканбыз. Атамбаев аны кайталап атат. Мунун аягы жакшы болбойт. Андан көрө, мыйзамга баш ийип, сыртка кетип калса болмок. Бүгүнкү күндө мамлекетибизге башаламандыктын кереги жок. Эгер дагы бир революция боло турган болсо, мамлекет бир топ артка кетет. Элге кыйын болот, Атамбаевге эмес. Атамбаев ызы-чууга эл үчүн эмес, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн баратат. Ал элди бөлүп-жарууга аракет кылууда. Ал эми бул президенттин иштегенине бир жарым жыл болду. Мамлекетти ичип-жеп, талкалап жиберген жок да. Биз азыр ачыгын айтканда, Жээнбековду мамлекеттин тынччылыгы, келечеги үчүн колдоп атабыз.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: