Menu

Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева рейдерлик басып алууга тиешеси бар деп айыпталууда

Бөлүшүү:

Коомдук канал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайынын мыйзамсыз иштерге аралашканы боюнча журналисттик иликтөө жарыялады.

Анда президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Манас Арабаевдин Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берип, кытайлык ишкерлердин мүлкүн тартып алууга катышы бар экени айтылган.

Алмазбек Атамбаевдин штабы бул маалыматты каралоо деп баалап, мурдагы президенттин тарапкерлеринин каршылык акциясынан алаксытуу катары сыпаттады.

Коомдук телеканалдын курамына кирген «Ала Тоо 24» каналында 2-июлда көрсөтүлгөн журналисттик иликтөөдө Кыргызстанда ишкердик менен алектенген кытайлыктар туш болгон мыйзамсыздык баяндалган.

Анда чет өлкөлүк ишкерлер Бишкекте салган көп кабаттуу үйдү Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рустам Маманов, ишкер Рустам Воинов мыйзамсыз түрдө тартып алганы, ага сот, президенттик аппараттан колдоо көрсөтүлгөнү айтылган.

Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аялы Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берип жаткан видеодо ал мыйзамсыз иштерге экс-канайымдын суранычы менен барганын билдирген.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева Коомдук телеканал тараткан маалымат «чындыкка коошпой» турганын айтты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: