Өзүн абдан оратор ойлогондордун бири Каныбек Иманалиев экени талашсыз. Чынында эле анын жалындуу кептерине кээде мурдунан жетеленип кеткендер жок эмес, бар. Ошол үчүн ал зарылчылык чыкканда микрофонду тимеле жулуп алып, укмуштай фантазиясын теребелге чачыратат. Негизинде анын “жаргондорунда” акыйкаттыктын элементтери камтылганы ого бетер кебин жандуу кылат.
Өткөндө анын илинчектерин таап алышса, Таластабы, Нарын дайрасындабы крокодилди кармагандай түр жаралат деп бакылдады. Кокуйгүн ой, крокодилди Нарындан издеп убара болбогула, андайлар парламентте эле отурат деп койчулар оңой табылат. Кроколдилдей жутканга маш болгондордун саны толук 120 болбосо да 80ди чапчып жыгылат, же калппы? Туу башында болсо сууга чөкпөс, отко күйбөс Капаштын баласы турат деп койсок неге болбосун? Же сөздү бир эле Иманалиев токуса болот бекен? Демократиянын шаанисин бузууга акыбыз жок, же андай эмеспи, Капашыч?
П. Алдырбасов
Булак: “Ачык сөз”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ