Menu

Отунбаева ооз ачпаса болбосун сезди

Бөлүшүү:

Бираз төбөсү көрүнгөн кишинин артынан жүгүрүп барып пикирин жаздырып калууга жанын карч урган журналисттер толтура. Алардыкы деле туура. Анткени бала ыйлабаса эмчек кайда –деген кептин төркүнү белгилүү. Анын сыңарындай колуна тийген “олжону” чыгарбай калууга ким болсо да жанталашат эмеспи.

Ошентип Роза Отунбаева да кайнап жаткан саясаттын “казанына” тырнактай болсо да тамызгы салып коюну эп көрүптүр. Бирок, алты жыл президент болуп элге кызматын өтөгөн Алмазбек Атамбаевдин дарегине “кычкыл” аргументтерин токуп өтүптүр. Арийне, антип өч алып калбаса мындай учур улам келе бермек беле? Илгерки кегин алуунун илеби айткан кептеринен эле байкалып турат. Атамбаев учурда саясий бечелдигин көрсөттү дегени эле эмнеден кабар бергенин билгизип турбайбы? Эгерде чын эле көрөгөч болсо, калыстыкты туу тутса башкача негизде окуяны сыпаттамак. Энелик жүрөк менен эки беренди акылга, ынтымакка чакырса кыйла эстүүлүк кылмак. Аттиң, антүүгө эски кеги жол таптырбаптыр…

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: