Menu

Эки тараптын тирешүүсү ит жыгылыш абалында

Бөлүшүү:

3-июлда «Медиа Форумда» өткөн митингге бир жарым миңдей адам келди. Бийликке карата орундуу да, орунсуз да сөздөр айтылганы коомчулукта талданууда. Кеп – коюлган талаптардан мурда, Алмазбек Атамбаевдин кандай деңгээлде Акүйгө сес көрсөтүүсүндө болчу. Эгерде жыйынга төрт-беш миңдей элдин агымы келгенде, чынында катуу күрөштүн башталышындай болмок. Тилекке каршы, бу саам ойлогон ойлор ишке ашпаганы байкалды.

Башка эмоционалдуу жаштарга караганда, Атамбаевдин өкмөт менен парламенттин кетиши керектигин айтканы элге жагат. Бирок, азыр андай кадамдарга бийлик кулак салбайт да. Ошого катар Равшан Жээнбеков баардык саясый күчтөрдү диалогго чакырды. Бул дагы жакшы сунуш. А иш жүзүндө болсо «мен сенден кыйынмын» деген текеберлик, тирешүүлөр мындай тегерек үстөл үстүнө жеткизбейт. Эң башкысы, жетиштүү элди чогулта албаган Атамбаевден эми бийлик коркпой деле калат. Буга чейинки Өмүрбек Бабанов менен сүйлөшүү жүргүзүүнүн мааниси канчалык эле? Эгерде күзгө чейин саясый кырдаал тынчыса, анда Бабановду апкелүүнүн зарылчылыгы деле жок. Азырынча Атамбаев Кой-Таш айылында жата берсе, ушунча башталган иштерден кийин бийлик аны жоопкерчиликке тарта албаса, анда кандай болот? Рейтинги түшөт да…

Кубат Карачев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: