Menu

ИИМ: Екатеринбургда кыргызстандык жаранды өлтүрүү фактысы боюнча шектүүнү кармоо иш-чаралары жүрүп жатат

Бөлүшүү:

2019-жылдын 2-июль күнү россиялык жана кыргызстандык жалпыга маалымдоо  каражаттары Екатеринбург шаарында Кыргызстандын жаранын өлтүрүү фактысы  боюнча коомдук резонанс жараткан материалды жарыялашкан.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү  2019-жылдын 2-июль күнү саат 16:20 чамасында Свердлов облусунун Екатеринбург шаарынын Калинин көчөсүндөгү үйдүн жанынан эки белгисиз адам ири өлчөмдөгү акча каражатын ээлөө максатында 1965-жылы туулган ишкер К. Каримовго карата тапанчадан ок чыгарышкан. Ишкер каршылык көрсөткөндө, кылмышкерлер мушташуунун жүрүшүндө бир гана ором акча каражатын алышып, өздөрү келген транспорт каражатын дагы таштап, кылмыш болгон жерден издерин жашырып качып кетишкен.

Жогорудагы факты боюнча Россиянын Тергөө комитетинин Свердлов облусу боюнча Тергөө башкармалыгынын Орджоникидзе району боюнча тергөө бөлүмү тарабынан Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренесинин 4-бөлүмү (Каракчылык) жана 105-берененин 2-бөлүмү (Өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Окуя болгон жерге оор кылмыш ишинин бетин ачууга багытталган зарыл болгон бардык тергөө иш-аракеттери жүргүзүлүп, далил заттар алынып, жакынкы жерлерде орнотулган видеокамералардын видеожазуулары алынган. Ошондой эле, кол салгандар таштап кеткен «Volkswagen Touareg» үлгүсүндөгү автоунаага кароо жүргүзүлгөн. Бардык алынган буюмдар кылмыш ишинин материалына бекитилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Соода-сатык ишмердүүлүгүнө байланышкан бардык жол-жоболор иштелип чыгууда, ири суммадагы акча каражатын билишкен чөйрөсүндөгү адамдар текшерилүүдө жана акча каражатынын кайдан келгендиги такталууда. Андан сырткары, Ош облусунун Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылынын тургуну 1965-жылы туулган Камчыбек Каримов 2006-жылы Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту менен келип, 2010-жылы Россия Федерациясынын паспортун алып, Екатеринбург шаарынын Калинин көчөсүндө  жайгашкан үйлөрдүн биринде каттоого тургандыгы аныкталган. Үч баланын атасы, Свердлов облусунун Екатеринбург шаарындагы Коомдук уюм “Кыргызстан-Урал” кыргыздардын диаспорасынын мурдагы жетекчиси болгон. Азыркы учурда укук коргоо органдары тарабынан жогорудагы кылмыш ишин жасашкан кавказ түспөлүндөгү эки шектүүнү кармоо боюнча комплекстүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: