Menu

Өз өлкөсүндө карактоого шектелип издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран Новосибирсктен кармалды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргызстанда ар кандай  кылмыштарды жасап, андан соң башка өлкөнүн аймагында жашырынып жүргөндөрдү аныктоо боюнча иштерди улантып жатат. Жакында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү менен Чүй ОИИББдин КМКсы Россиянын ИИМдин Новосибирск облусу боюнча Башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесинин 2-бөлүмүндө (курал катары пайдалануулучу куралды же буюмду колдонуу менен атайлып ден соолукка оор залал келтирүү) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн кармалган Кыргызстандын жаранынын өздүгү аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жогорудагы жаран 2014-жылы өз өлкөсүндө жасаган кылмыш иши үчүн издөөдө жүргөн. 1988-жылы туулган У.Б. аттуу жаран Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну, мурда соттолгон жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин 2, 3-бөлүмдөрүндө (олуттуу өлчөмдөгү мүлктү ээлеп алуу максатында алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан куралды колдонуу менен ден соолукка оор залал келитирүү аркылуу каракчылык жасоо) көрсөтүлгөн  кылмышты жасоого айыпталып, тергөө органдарынан качып жүргөн.

Андан сырткары, маалымат боюнча жогорудагы жаран бир катар оор кылмыш иштерин жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган: зордуктоо, денеге оор залал келтирүү, тоноо. 2009-жылы Чүй облусунун Сокулук районунун соту тарабынан зордуктоо үчүн 10 жыл эркинен ажыратылып, кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКтын түзөтүү мекемесинде, 2012-жылы соттун чечими менен жатак абакка которулган. 2014-жылы түзөтүү мекемесин өз эрки менен таштап, качып кеткен. Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКтын Тергөө башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүмүндө (эркинен ажыратылган жайдан качуу) көрсөтүлгөн кылмыш
жасагандыгы үчүн кылмыш ишин козгоп, издөө жарыялаган. Жогорудагы жаран Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКтын жатак абагында жазасын өтөп жатып, 2014-жылы башкалар менен бир бүтүмгө келип, башка кылмыш жасашкан. Алар Сокулук айылынын жээгинен эки жаранды таяк менен сабашып, курал менен коркутушуп, жабырлануучулардын уюлдук телефондорун, ири суммадагы акча каражаттарын жана «Тойота Прадо» үлгүсүндөгү автоунаасын ээлеп алышкан. Кийинчерээк калгандары кармалган.

Азыркы учурда издөө салган тарап маалымдалып, издөөдө жүргөн жаран Россиянын аймагында жасаган кылымш иши үчүн кармалган. Ал эми кармалган жаранды өз өлкөсүндө кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн экстрадициялоо маселеси жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин каралат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: