Menu

Могерини ЕБ менен Борбор Азиянын мамилеси тууралуу пикирин билдирди

Бөлүшүү:

Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини ЕБдин Борбор Азия өлкөлөрү менен болгон мамилесинин келечеги тууралуу пикирин билдирип, аймактагы өлкөлөрдү Брюсселдин «табигый өнөктөштөрү» деп атады.

Бул билдирүү жыл сайын өтүүчү «Евробиримдик – Борбор Азия» форматындагы жолугушуунун алдында жарыяланды. Тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги иш-чара быйыл 6-7-июлда Бишкекте өтөт.

«ЕБ Борбор Азия өлкөлөрүнүн социалдык, экономикалык же экологиялык чөйрөлөрдө азыркыдан да туруктуу болуу аракетин колдогусу келет. Бул демек, көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарын бекемдөө, жарандык коом үчүн шарттарды түзүү, укук үстөмдүгүн жана мамлекеттик башкарууну күчөтүү, коорупция менен күрөш, ошондой эле жаштар жана аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү дегенди билдирет», — деп жазылган Эл аралык кызматташтык жана өнүгүү боюнча Европа комиссары Невен Мимица менен Могерининин биргелешкен билдирүүсүндө.

Анда быйыл май айында кабыл алынган ЕБдин Борбор Азия боюнча стратегиясында артыкчылыктуу багыт катары көрсөтүлгөн адам укуктары жана демократиялаштыруу маселелери өзүнчө белгиленген эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: