Menu

Бишкекте сабалган чет элдик жаран эсине келбей ооруканада каза тапты

Бөлүшүү:

Мындай маалыматты сабалган нигериялыктын достору, тааныштары кабарлап жатышат.

Башкалаадагы «Cambridge School» тил үйрөнүү мектебинде иштеген Нигериянын 34 жаштагы жараны 2-июлда «Айчүрөк» соода борборунун алдында токмок жеп, оор абалда ооруканага түшкөн. Ошондон бери комадан чыга элек болчу.

Милиция аны урганга шектүүнү эртеси күнү кармап, камакка алган. Ал Ысык-Көл облусунун 22 жаштагы тургуну болуп чыккан.

Окуя тууралуу видео Интернетке да тараган. Анда эс-учун жоготуп жаткан кара терилүү кишиге жарандар жардам берип жатканы тартылган. Күбөлөрдүн айтымында чет элдик жаран менен аны урган киши соода борборунан чыгышкан, кыргызстандык аны колдон алып, бет тушка урганда ал башы менен асфальтка жыгылып, эс-учун жоготкон. Алардын ортосунда кандай талаш болгону белгисиз.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: