Menu

БУУ: Кыргызстан дүйнөдө биринчи болуп жарандык алуу көйгөйүн чечти

Бөлүшүү:

Кыргызстан жарандык берүүдө чыныгы секирик жасады: беш жылда жарандыгы жок кишилер 13 миңден нөлгө чейин кыскарды. Бул тууралуу БУУнун Жаңылыктар кызматы Качкындар иштери боюнча башкармалыкка шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматтарга караганда, 4-июлда 50 киши, анын ичинде 15 бала туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана паспорт алды. БУУ алар өлкөдө жарандык ала элек акыркы адамдар болгонун билдирди.

«Советтер Союзу тарагандан кийин Борбор Азияда жүз миңдеген киши жарандык албай калган. Качкындар башкармалыгынын 2014-жылы баштаган #Ibelong кампаниясынын алкагында Кыргызстан бийлиги жарандыгы жок 13 700 кишини, анын ичинде 2000 баланы аныктаган жана тиешелүү чара көрүп баштаган. #Ibelong кампаниясы 2024-жылга карата дүйнөдө жарандыгы жоктордун маселесин толугу менен чечүүгө багытталган», – деп айтылат билдирүүдө.

Дүйнөдө 10 миллиондой кишинин жарандыгы жок. Алар ээн-эркин жүрө албайт, көп учурда дискриминацияга туш болушат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 58 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: