—Азимбек Анаркулович, экс-президент, бир кездеги сиздин пикирлешиңиз Алмазбек Атамбаев мага карата мыйзамсыз иш аракеттер болун атат, мени камайм десе мен анда «атышып өлөм» деп догурунуп атат. Анан ишине юрист катары кандай баа бересиз?
—Эгемен кыргыз доорунда генерал Исмаил Исаковдун иши мыйзамсыз тергелген. Ошондо Исмаил Исаковичти чет өлкөгө алып кетебиз, сыртта тура туруңуз дегендерге: «Мен өлкөмдөн эч жакка кетпейм, актыгымды сотто далилдейм» деп болбой койгон. Акыры акыйкаттык менен Кудай бар экен акталып чыкты. Мени Аксыдан келгенде Аскар Акаевдин желдеттери кармаганда бөөдө эл көтөрүлүп кетпесин деп сотторго Жалал-Абадка барып өзүм колуна түшүп бергем. Акыры эч нерсени таппай абактан чыкканда, мунун күнөөсү жок турбайбы деп эл көтөрүлүп кеткен. Ошондуктан мен Алмазбек Атамбаевге кайрылат элем: Алмазбек Шаршенович өзүң билесиң, жогорудагы мен айткандай мисалдар өтө көп. Ошондуктан эгер ак болсоң, элди бетиңе кармап, күнү-түнү элди топтоп, элдин артына жашынба. Эртең ыраазычылык билдирип элди таратып туруп, НПОлордон эмес, күчтүү, кыргыз мыйзамдарын билген жактоочулардан алып күнөөң жок экенин соттон далилдешиң керек. Башка жол жок, мен ушуну каалайм. Тополоң менен маселе чече албайсың!
Сезим Мураталиева
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ