Menu

Орусиядан Тажикстанга акча которуу көлөмү азаюуда

Бөлүшүү:

Тажикстандык эмгек мигранттарга Орусияда жумуш табуу кыйындап баратат. Эксперттер буга байланыштуу быйыл мигранттар которгон акчанын көлөмү кыйла азаят деп божомолдошууда.

«Абал кыйда өзгөрдү, биз күн сайын жумуш издеп жатабыз. Айылдаштардын көбү ишсиз отурушат. Орустардын өзүлөрү акыркы жылдары кирешелери бир топ азайып кеткенин айтып жатышат», — деди акыркы он жылдан бери Орусияда иштеп жүргөн 33 жаштагы Сохибхон Нуров аттуу тажик жараны.

Анын айтымында, былтыр ал жайга чейин үйүнө 100-200 миң рубль (1600-3000 доллар) салса, быйыл 40 миң рублден аз (630 доллар) жөнөткөн.

Статистикалык маалыматтарга караганда, Орусиядан Тажикстанга акча которуулардын көлөмү быйылкы жылдын биринчи кварталында былтыркыга салыштырмалуу 5,1 пайызга азайган.

Москвадагы Жогорку экономикалык мектептин илимий кызматкери Даниил Кашницкий мигранттардын кирешелеринин азайышына — Батыштын антиорусиялык санкциялар себеп болуп жатат деп эсептейт. Анын айтымында, айрым орусиялык ири компаниялар санкциялардан улам өлкө сыртында иштөө мүмкүндүктөрүнөн ажырап, бюджеттери азаюуда. Өз кезегинде мунун баары эмгек мигранттарына таасирин тийгизүүдө.

Түрдүү статистикалык маалыматтарга ылайык, учурда Орусияда Тажикстандын 800 миңден 1 миллионго чейин жараны иштеп жүрөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: