Menu

Осмонакун Ибраимов, коомдук ишмер: “Президент Сооронбай Жээнбековдун багыты туура”

Бөлүшүү:

Коомдук-саясий абалды дестабилдештирип, эл ичин чайпалткысы келген топтор чыгып жатканы аяк салууда. Мындан улам өлкөнүн тынчтыгына кайдыгер карай албаган коомдук жана мамлекеттик ишмерлер коңгуроо кагып, өз пикирлерин билдиришүүдө. Атай айтсак, жергиликтүү ММКлардын биринен коомдук ишмер Осмонакун Ибраимов бүгүн иштеп жаткан президент, иштен кеткен экс-президент жана парламент боюнча омоктуу ойлорун ортого салыптыр. Урунттуу жерлери төмөндөгүдөй экен. Биз Осмонакун мырзанын сөзүнүн өзөгүн бердик:

• Парламент биринчи жолу элдин үмүтүн актады. Мурунку президент Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик макамынан ажыратуу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары элдин талабын түшүнүп, добуш беришти.

• Жогорку Кеңешти таратсак да, кийинкисинде кайра эле ушул эл өкүлдөрү келет. Себеби, партиялар жөнүндө мыйзамда мандем бар. Таза шайлоо өткөрүү үчүн партиялар жөнүндө мыйзамды өзгөртүү зарыл. Азыркы парламенттин дарамети өтө начар.

• Сооронбай Жээнбековдун негизги багыты туура, стабилдүүлүктү камсыздоого аракет жасап жатат, коррупцияга аралашкан деп айтууга факты жок.

• Өлкөдөн чыгарылып кетти делген 700 млн доллар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин маселесиндей изилдениши керек. Бул жерде эки пикир болушу мүмкүн эмес. Эгерде 700 млн доллар боюнча маселе чечилбесе, өлкөдө саясий кризис болуп кетиши мүмкүн. 700 млн доллар боюнча Финполдун башчысы Бакир Таиров айткан маалыматтарга ишенген жокмун. Менимче, ал киши өзү да маселенин ичинде. 700 млн доллар деген сездүн аныктыгын текшерүү зарыл.

• Коррупция 10 кишини камоо менен бүтпөйт. Саламаттыкты сактоо, билим берүү, электр тармагын, сот системасын айтпай эле коёюн, коррупция менен күрөшүүдө илимий негизде план жасоо зарыл. Тез арада элге керектүү, алдыга жетелеген максаттарды коюу зарыл. Бизде максат жок. Иш-чаралардын тизмесин жасаш керек. Батыштын демократиясында мораль биринчи кезекте турат. Ал эми бизде андай жок. Эмне гана болбосун, «саясаттасың, партия сенин менчигиң, фирмаң»…

• Атамбаевди жамандап, түрмөгө отургузалы деген максат жок.

• Мурунку президенттердин тушунда уурулар өздөрү «ууруларды кармайбыз» деп ураан чакыргандай болуп келген. Мунун баары башынан тазаланганда бүгүнкүдөй иштер болмок эмес.

• 2005-жылдан кийин эле революциянын лидери делгендер мурунку президенттин бала-чакасынан калган байлык-бийликти макулдашып бөлүп алышып, революциянын чыныгы максаттары унутулуп калды. Айталы, Курманбек Бакиевдин убагында «карма ууруну кармалап, ууру жүрөт» дегендей эле иш болду. Атамбаев аягына жетет деп ойлочубуз. Анын уурулукка шектелгендерди кызматтан алган айрым аракеттери болгон. Атамбаевге Батукаев, ЖЭБ, Дача-Су маселеси илээшпесе, тазараак болуп турмак. Атамбаев айткан сөзүнө турбай, оозу менен башка нерсе жасап, иш жүзүндө башка болду.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: