Menu

Канча жашыңызда алгачкы миллион сомуңузду тапкансыз?

Бөлүшүү:

Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин депутаты: «Ким айтты мени миллионер деп?..»

— Өмүр бою сот тармагында иштеп жатып менде кайдагы миллиондор. Койгулачы, суроону башкага берсеңер. Ким айтты мени миллиоңер деп. Айткандар айта берсин дечи. Негизи бай эмесмин, кедей да эмесмин. Эптеп-септеп элдин ортосунда жашап келе жатам. Өзүмө, бала-чакама жеткендей жашоом бар. Ошого шүгүр.

Балбак Түлөбаев, Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат башчысы: «Каптан» түшкөн каражат мени миллионер кылган»

— 1997-1998-жылдары Италияга кадимки эле жаңгакты анан анын тамырын «кап» деп коёбуз го ошону сатып биринчи миллион сомумду тапкам. Ал кезде бир миллион сомго Бишкек шаарынан үч-төрт батир келсе керек эле. Мен мыкты деген аймактан 3 бөлмөлүү батир сатып алгам. Анан кайра аны сатып ишкерликти уланткам. Анын кирешеси аябай жакшы болгон. Учурда 4 гектар жерде 2500 түп алма багым, 50-60 жылкым, анан батирлерим бар. Кудайга шүгүр, баарын адал эмгегим менен тапкам. Үй-бүлөмдү бакканга кенен жетет. Ортодо аябай кыйналган, чайналган, акчасы жок калган күндөр болду. Талыкпаган эмгек менен ал күндөрдөн да өттүк.

Кенжебек Бокоев, Жогорку Кеңештин депутаты: «Мен үчүн бир миллион сом табуу кыйын деле эмес…»

— Мен студент кезимден бери соода-сатыкка аралашып келе жатам десем жаңылышпайм. Бирок, студент кезимде эле миллиондогон сомдорду тапкам десем туура эмес болуп калат. Окуумду бүтүп мекениме кайтып келип, ишкерликти уланттым. Кыргызстанда баштаган ишим ийгиликтүү болуп алгачкы миллион сомду таман акы маңдай терим менен тапкам. Аракет кылып иштегендер, иштин көзүн тапкандар миллионер болуп эле жашап атат. Кыргызда: «Иштеген тиштейт» деген сөз бар. Анын сыңарындай мен үчүн азыр Кыргызстанда бир миллион сом табуу оңой сыяктуу сезилет. Мисалы бир жылкынын баасы 1000 доллар, биздин акча менен 70 миң сом. Демек, 15 жылкысы бар адамды миллионер десек жаңылышпайбыз да. Туура, мен жашырбайм мал-чарба менен алектенем. Мындан улам өзүмдү миллионермин деп эсептейм.

Каныбек Иманалиев, Жогорку Кеңештин депутаты: «Руханий жактан миллиардермин»

— Мен руханий жактан чоң миллионер эмес миллиардермин. Себеби, эки миллион саптан турган 20 томдук кыргыздар жөнүндө китеп чыгардым. Бирок каржы жагынан анча акчаны кармай элекмин. Менин капчыгымда андан аз эле акчалар жүрөт. Доллар, сом менен миллион табууга өзүнчө шык керек го. Билесиздер, өмүр бою эле чыгармачылык жана саясат менен алектенип келе жатам. Эми миллиондорду албетте адал болсо тапкым келет. Мисалы, үйдө балдарыма дайыма адал тамак алып барсам дейм. Себеби мен атамын, эртең абийир менен Кудайдын алдында өзүм жооп берем.

Марлен Маматалиев, Жогорку Қеңештин депутаты: «Миллион долларга 33 жашымда ээлик кылгам»

— Мактангандай болбоюн, ишкерликке шыгым бар экенин кичинемден эле билгем. Алгачкы ишкерлик кадамымды мектепте окуп жүргөндө эле баштагам десем туура болот. Түрк лицейинде окугандыктан түрк агайларым менен жакшы мамиледе элем. Алар мага ошол убакта Кыргызстанга келе элек шоколаддын, сагыздардын түрлөрүн алдырып беришчү. Мен республиканын дүкөндөрүнө сатып жүрүп бутка туруп, 27 жашымда биринчи миллион сомумду тапкам. Студент кезден баштап ишкерликке катуу киришип, 33 жашымда миллион доллар иштеп тапкам. Иштин көзүн билсен, анын түмөн түйшүктүү азаптарына чыдасан, анан эң негизгиси баарына так болсоң миллиондорду табууга эмнеге болбосун?

Айсулуу Мамашева, Жогорку Кеңештин депутаты: «Мен өзүмдү миллионермин деп эсептебейм»

— Мен азыр да өзүмдү миллионер деп эсептебейм. Себеби, мен жеке эмгегим менен анча акча таба элекмин. Азыркы бизнесибиздин баарын атам ак эмгеги менен түптөгөн. Учурда алардын баары иштеп жатат. Андан түшкөн акчаны менин эмгегим катары баалап, «мен миллионермин» десем уят болуп калам. Дайыма ушул миллиондор жөнүндө кеп кылганда апамды эстейм. Апам кол алдында иштегендер жайкы өргүүгө чыкканда, алардын ордуна мени иштетип күн сайын 100 сом төлөп берчү. Анан каникул бүтүп мектепке даярданганда керектүүлөрүмдү сатып бергени эсимде. Ата-энебиз эч качан колубузга чоң акчаны берип: «Ме, каалагандай корото бер» деген эмес.

Советбек Рустамбек уулу, жеке ишкер: «23 жашымда алгачкы миллион сомумду тапкам»

— Кандайдыр бир курулуш иштери болуп калып эле акчаны үнөмдөп кармап калбасам, көп учурда кенен пайдаланам. Бирди экиге улайын, баланча миллионум болсун деп өтө жутуна бербейм. Кудайдын бергенине шүгүр кылам. Ал эми сиздин сурооңузга келсек 23 жашымда сом менен алгачкы миллионумду тапкам. Албетте кубангам. Себеби биздин максат ишкерликти бутка тургузуу болчу. Ал эми миллион долларды «Дордой» базарында бут кийим сатып жүрүп 28 жашымда колума кармагам. Азыр Кудайга шугүр акча бар, жок эмес. Эл журт аман турса, тапкан акчабызды элдин керегине жумшайбыз.

Булак: “Де-Факто”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − 70 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: