Menu

Экс-президент тууралуу эл эмне дейт?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаттары саясий эркин көрсөтүп мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алгандан бери коомчулуктун ичи удургуп, анын тез арада камалышын талап кылышууда. Биз массалык маалымат каражаттарына назар салып, коомчулукка белгилүү аттуу-баштуу инсандардын гезит жана теле аркылуу билдирген ой-пикирлерин иликтеп көрдүк.

Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаты: «Батукаев, ТЭЦ боюнча Атамбаевге күнөөлөр мурда эле топтолуп калган»

• Генпрокурор айтты: «Батукаев боюнча экс-президентке байланышкан иш-аракеттердин баарын өзүнчө бөлүп коюп койдук. Кол тийбестиги бар болгондуктан сурай албай калдык. ТЭЦ боюнча да көрсөтмөлөр бар эле, а киши түздөн-түз ошого кийлигишкен экен, биз аны да бөлөк өндүрүшкө алып өзүнчө коюп койдук» деди. Демек күнөөлөр мурда эле тиркеле баштаган а кишиге.

• Эмоциясы менен Атамбаев биздин келечегибизди бууп койду. Жакынкы 15 жылда жалаң карызды төлөө менен гана алек болобуз. Азыркы президент менен премьер-министрге эмитен камданышыбыз керек деп айтып жатам.

• Атамбаев өзүнүн мультимиллионер болуусуна аябай көп көңүл бурган. Эгер болгон энергиясын, көңүлүн жалпы кыргыз элинин экономикасынын көбөйүшү, бюджетинин өсүшү үчүн жумшаганда бир топ жакшы иштер жасалмак.

Кемел Ашыралиев, коомдук ишмер: «Атамбаевди тез арада жоопко тартыш керек»

• Атамбаевге «подписка» болбойт, дароо отургузуш керек. Болбосо бул ар нерсени дөөрүп, келжирей берет. Чою жибере турган болсо анда бийликтин алсыздыгы болот. Муну тез арада мыйзамдуу түрдө кармап, жоопко тартыш керек. 3 жашар кызы бар кичинекей аялды жүрөк оорусуна карабай алып келип тыкты. Анан эмне үчүн ден соолугу чың, оозуна келгенди оттоп, кыргыздын сере жеринде илгерки байлардай чардап жаткан немени жөн коюш керекпи? Жеген, ичкени аныкталдыбы, элдин ишенимин аткарган жокпу, бүттү. Жоопко тартыш керек.

• Атамбаев өлкөнү Телибай тентектей эле чалчаңдап башкарды. Атайын Конституцияга өзгөртүү киргизип, укугун чыңдап, кол баласын премьер, айылдаш инисин УКМКнын башчысы, аппаратында иштеп акелеп жүргөн келинди генералдык прокурор, жансакчысын ИИМ министри, ичкен-жегени, арам-адалы аралашып калган жигитти борборго мэр, чай ташыган кызын вице-спикер кылды. Кыскасы, төрт тарабым кыбыла болду, айланам чептей бекиди, эми менин чоорумдун алдында бийлеген, апта сайын отчет берип турган адамды президент кылып шайлап алсам, арам байлыгымды арбытып 6 жыл өткөрсөм, андан кийин С.Исаков президент болот да деген ойдо жүргөн.

• Атамбаев көрүнгөндү чакырып, акча берип жандалбастан жатат. Көлдөн эки кызды, Нарындан үч баланы чакырып, 6 боз үйдү тиктирип, муштумдай таштан 5 дөбөнү чогултуп койсом эле коркуп калат деп Ормон опуза жасап жатат. Эң эле акыркы вариант, Атамбаев өзүн-өзү атып салышы мүмкүн. Эгер өзүн-өзү атып салса, анда бизди психикалык оорулуу адам башкарганы ачыкка чыгат.

Жеңиш Молдакматов: «Замандаш» партиясынын лидери: «Алар кредиттен уурдап жесе, анын пайыздарын эмнеге биз төлөйбүз?»

• Буга чейин мамлекет башкарган адамдар алган кредиттерди, жеген-ичкен акчаларынын пайыздарын 5-10 жылдан кийин менин балдарым төлөшүн каалабайм. Эмне үчүн Бишкек ЖЭБди модернизациялоого жарым миллиард долларга жакын акчаны алып, үчтөн бирин жеди? Датка-Кемин линиясы, Түндүк-Түштүк альтернативалык жолу, Тарых музейи, Көлдөгү ипподром баары ошондой, чоң көлөмдөгү акчалар желген. Буларды эл кан төгүп жатып бийликке алып келсе, алар өзү үчүн иштеп ичип-жесе, анан жооп бербей кетип, алган карызды элдин балдары төлөсө бул адилетсиздик да. Эгерде азыр жеген адамдардын баары жоопкерчиликке тартыла турган болсо, келе турган кийинки парламент депутаты, өкмөт башчы жана президентке сабак болот. Жок дегенде коркуу сезим пайда болот.

Жолборс Жоробеков, саясат таануучу: «Атамбаев дагы деле кан төгүүгө даяр»

• Кантип ушул киши бизди 6-7 жыл башкарды деген ой ар бир адамдын оюнан кетпейт. Жанагыдай сөздөрдү сүйлөгөнүнө таң каламын, акыл-эси жайын да адамдын сүйлөшү мүмкүн эмес. Кичине жоопкерчилик болуш керек да. 6-7 жыл кол астында иштедик. Президент болуп турганда деле сүйлөгөн сөзү күлкүнү келтирчү. 100гө жакын адамдын каны менен келгенден кийин бул киши эч кандай сабак албаптыр. Дагы кан төгүүгө барганы турат.

• Атамбаев саясий куугунтук болду деп, А.Ибраимов, К.Кулматов, С.Исаковду айтып жатат. Анысы туура эмес, булар саясатчы эмес, чарбачылдар. Атамбаевдин учурунда чыныгы саясий репрессия жүргөн. Текебаев, Чотоновдор баш болгон саясатчылар жалган жалаа менен камалган.

• Путинге барып: «мен мурун эле миллиардер болчумун», же башка өлкөгө барганда: «Акаев вольво мингенде мен мерседес минчүмүн» деген сындуу сөздөрү менен Атамбаев өзүн айтып мактанганы чет жактагылардын күлкүсүн келтирип, Кыргызстандын имиджине терс таасирин тийгизген. Кыргызда «Эшегине жараша тушоосу» деген сөз бар, кыргыздарга ушундай президент болот турбайбы деген жаман сөздөр кетти. Мен жакында Ташкентке конференцияга барсам «Сиздердин мурдагы президент байлатма жинди болгон экен да, билбептирсиздер да» деп айтышты. Өмүрүмдө биринчи жолу коргоого туура келип, актанганга аргасыз болдум.

• Атамбаевге коюлган күнөөлөрдүн баардыгы бир жылдан бери, ал кеткенден кийин айтылып жаткан. Ушундай болот, аягы барып кол тийбестиги алынат, сөзсүз жооп берет, эгер жоопко тартылбаса мындан да жаман иштерге барат деген сөздөр болуп жаткан. Мына Жогорку Кеңеш кол тийбестигин алды. Алгач 9 айып коюлуп, анан 6 кийин 5 калды. Албетте, бул айсбергдин учу гана. Кудай бизди билсин деп чыгарып койгон үстүңкү гана жагы. Азыр Генпрокуратурага башка жагдайларды караганга шарт түзүлдү, казып чыгышы керек. Мисалы, жакында Текебаев бир нече ишти айтты. Алтын ташылганын, миллиарддаган акчалар биздин өлкө аркылуу башка жакка өткөнүн…

Алишер Мамасалиев, экс-депутат: «Атамбаевде саясий логиканын жоктугу белгилүү болду»

• Жогорку Кеңештин  токтому бул тарыхый документ. Борбор Азияда мындай окуя боло элек болчу. Азыр Атамбаевдин штабы «Конституцияны тааныбайбыз, өзүбүзчө кадамдарга барабыз» деди. Бул кишиде саясий логиканын жоктугу баарыбызга белгилүү. Эртең бул кандай кадамга барарын эч ким айталбайт. Алдыда кызыктуу саясий процесстер болушу мүмкүн.

Канат Исаев, Жогорку Кеңештин депутаты: «Атамбаевге коюлган айыптар үч-төрт жылдын жыйынтыгы»

•Атамбаевге күтүүсүз жерден күнөө коюлуп жатат дегендин өзү туура эмес. Биз айыптаган пунктардын көбү Атамбаев президент учурунда эле анын бетине айтылган маселелер болгон. Бир нече жылдан бери бышып келген. Мисалы, Батукаев боюнча 5-6 жыл болуп кетти. Кийинки Бишкек ЖЭБдин тегерегиндеги жооптуу делген адамдар былтыр май-июнь айларында камалышкан. Бир жыл болду. Тергөөнүн арты менен далилдер Атамбаевге такалды, баары Атамбаевге каршы көрсөтмө берип жатышат. Болгону Атамбаевдин учурунда мунун баарын расмий түрдө ишке ашырыш мүмкүн болгон эмес. Качан күнөөлүүлөр камалганда гана баары чыгып жатат.

Памир Манас

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − 40 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: