Бүгүн, 5-июлда Министр Чыңгыз Айдарбековдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы тышкы саясат боюнча Консультативдик кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы бидирди.
Приоритеттүү багыттардагы бир катар мамлекеттер менен кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу маселе талкууланды.
Министр Ч.Айдарбеков алдыдагы иш-чаралар, ошондой эле болуп өткөн ШКУ Мамлекет башчыларынын Кеңешинин саммитинин жана эң жогорку деңгээлде болгон сапарлардын жыйынтыктары жөнүндө Консультативдик кеңештин мүчөлөрүнө маалымдады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ