Menu

Кореяда Кыргызстандык жарандарды мезгилдик (сезондук) жумушка алуу долбоору иштеп баштады

Бөлүшүү:

2019-жылы Кыргыз Республикасынын жарандарын Түштүк Кореяда сезондук айыл-чарба иштери үчүн жалдоо программасын ишке кирди.
Чонбук областында (Түштүк Корея), “Сезондук айыл-чарба жумушчулары” программасынын алкагында Кореянын айыл- чарбаларында убактылуу иш менен камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын (116) жарандары келди.
Корея Республикасындагы Кыргыз Республикасын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Динара Кемелова, Чонбук облусунун Инже аймагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын тосуп алуу салтанатына катышты. Өз сөзүндө Элчи бул программада Кыргызстандын катышуусунун маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстандык жарандардын Корея өлкөсүнүн мыйзамдарын сактоону жана келечекте эмгек орундарын көбөйтүү үчүн бүт күч-аракетин жумшап, эмгектеништерин суранды.
Ошондой эле элчи Динара Кемелованын, Инже районунун акими – Цой Санг Ги менен эки тараптуу жолугушусу болуп өттү. Бул жолугушуда Динара Кемелова корей тарапка кыргыз жарандарын убактылуу ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгү жана айыл-чарбасын өнүктүрүүдө Кореянын тажрыйбасын үйрөнүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк бергенине ыраазычылык билдирди. Эки тарап 2019-жылдын октябрь айына чейин Корея дыйкандарынын талаадасында иштей турган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жакшы жашоо шарттарын түзүү, ошондой эле алардын эмгек укуктарын сактоо боюнча иш-чараларды талкуулашты.
Кангвондо аймагынын губернаторунун орун басары Чон Ман Хо менен болгон жолугушуда Динара Кемелова Корея тарапка Нарын облусунун жана Кангвондо аймагынын ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумдун долбоорун тапшырды.
Тараптар соода тармагынын келечегин талкуулап, транспорттук түйүндөрдү жана экономиканын ар кайсы тармактарында тажрыйба алмашуу боюнча сүйлөшүштү. КР элчиси Кореялык тарапты Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорго жигердүү катышууга чакырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: