Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Медицина кызматкерлери ооруга кабылып, кыйналган адамдарга үмүт тартуулап, алардын саламаттыгы үчүн кам көрүшөт

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы — Медицина кызматкеринин күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлери!

Сиздерди Медицина кызматкеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Дарыгерлик жан дүйнө тазалыгын талап кылган, эң асыл, гумандуу жана ардактуу кесип.

Сиздер ооруга кабылып, кыйналган адамдарга үмүт тартуулап, алардын саламаттыгы үчүн кам көрөсүздөр.

Сиздердин эмгегиңиздер менен Кыргызстан наристелер өлүмүн үчтөн экиге кыскартып, миң жылдыктын өнүгүү Максатына жетишкен 62 өлкөнүн бири болду.

Бирок алдыда жасала турган иштер али көп.

Биздин милдет — саламаттык сактоонун бардык чөйрөлөрүнө санарип технологиясын кеңири киргизүү. Жашаган жерине жана социалдык абалына карабастан, калктын бардык катмарларын медициналык тейлөө менен камсыз кылуу.

Жакынкы жылдарда ар бир адамды, ар бир үй-бүлөнү үй-бүлөлүк дарыгер жана медайым менен камсыз кылуу зарыл. Бул максатка жетүү үчүн өзгөчө айылдарда ФАПтардын жана үй-бүлөлүк медицина борборлорунун саны көбөйтүлөт. Алар сапаттуу жана заманбап жабдуулар менен камсыз болот.

Оору-сыркоолордун алдын алуу иштерин кеңири жайылтуу керек. Сергек жашоо образы, дени сак муунду тарбиялоо мамлекеттик идеологиянын ажырагыс бөлүгү болуп калууга тийиш.

Мамлекет дарыгерлерди даярдоо жана алардын адистигин жогорулатуу, татыктуу жашоосун камсыздоо, дарыгерлик кесиптин социалдык жагымдуулугун арттыруу үчүн ар дайым камкордук көрөт.

Кымбаттуу саламаттык сактоо тармагынын ардагерлери, бардык ак халатчандар, элибиздин дени сак, келечеги кең болуусуна арналган ак эмгегиңиздер үчүн сиздерге ыраазылык билдирем.

Баарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубат турмуш, ишиңиздерде албан ийгиликтерди каалайм!»

2019-жыл 6-июль

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − 54 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: