Menu

Өмүрбек Текебаевге кайненесинин сөөгүн жерге берүү зыйнатына катышууга уруксат берилди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 6-июлда Аламүдүн районунун Таш-Дөбө (Воронцовка) айылында “Ата-Мекен” партиясынын абакта жаткан лидери Өмүрбек Текебаев кайненеси Бүбүкан Турдуеванын сөөгүн жерге берүү зыйнатына катышты.

Бүбүкан Турдуева 77 жаш курагында, узакка созулган оорудан улам көз жумганы кабарланган.

Өмүрбек Текебаев Атамбаевдик режимдин учурунда россиялык ишкерден 1 млн доллар пара алган деген айып менен 8 жылга кесилип, азыр Бишкектеги N47-абакта жазасын өтөп жатат.

Акыркы жумаларда Өмүрбек Текебаев дарылануу үчүн абактан Бишкектеги Улуттук кардиологоия жана терапия борборуна которулган жана сакчылардын кайтаруусу астында дарыланып жаткан.

Бүгүнкү кайненесин жерге берүү зыйнатына да сакчылардын кайтаруусу астында келип катышты.

Бийликке Сооронбай Жээнбековдун келиши менен абакта жаткан саясатчыларды жакындарын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышууга уруксат берүү кадимки көрүнүшкө  айлана баштады. Атамбаевдик режимдин учурунда Садыр Жапаровду кайненеси мындай турсун өз атасын узатууга уруксат бербей койгон.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: