Menu

Фото – Автокырсыктан улам Көкөмерен дарыясына түшүп кеткендердин экөөсүнүн сөөктөрү изделүүдө

Бөлүшүү:

Бүгүн, 6-июлда Бишкектин Кара-Жыгач конушунда 30-июнда Көкөмерен дарыясына унаасы менен түшүп кеткен Чүй облустук акимчилигинин аппарат башчысы Молдакун Абдылдаевдин жана анын жээн небереси Софья Борукееваны сөөктөрү жерге берилди.

30-июнда Ат-Башыдан таңкы саат 04.00. чамасында чыгып, Суусамырдагы Кожомкулдун 130 жылдык мааракесине бараткан Молдакун Абдылдаев Суусамырдын Кожомкул айыл аймагында саат 10.00. чамасында кырсыкка учураган. Ал автокырсыктан улам дарыяга түшүп, агып кеткен унаанын ичинде 5 киши болгон: Абдылдаев өзү, жубайы, уулу, жээн небереси жана айдоочусу.

2-июлда саат 17.20. чамасында Жумгал районунун Арал айылынын аймагында айдоочу, 1996-жылы туулган Бакыт Абдылдаевдин сөөгү табылган.

Ошол эле күнү саат 20.00. чамасында Көкөмерен дарыясынын Жумгал район аймагынан Молдакун Абдылдаевдин сөөгүн таап чыгышкан.

4-июлда саат 19.00. чамасында Жумгалдын Кырчын айылынын аймагынан Молдакуновдун жээн небереси, 2011-жылы туулган Софья Борукееванын жансыз денеси табылган.

Ал эми Молдакуновдун жубайы, 1962-жылы туулган Тинатин Шадыканова менен 1993-жылы туулган алардын уулу Илимбек Абдылдаевдин сөөктөрү табыла элек.

КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей алардын сөөктөрүн издөө тынбай улантылууда жана ал издөө иштерине 104 куткаруучу катышып жатат.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Фото: КР ӨКМ

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: