Menu

Видео – Чычкан суусуна 3 жүргүнчүсү менен агып кеткен унаа жана 2 жүргүнчүнүн сөөгү табылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 6-июлда саат 13:30. чамасында Чычкан суусуна 2-июлдагы автокырсыктан улам агып кеткендердин биринин сөөгү табылды.

2-июль күнү Бишкектен Аксыга бараткан Honda Fit жеңил унаасы 3 адамы менен кечки саат 20:00 чамасында Токтогул районунун Чычкан капчыгайында кырсыкка учурап, сууга кулап түшкөн. Алардын сууга кулаган учурун эч ким көрбөй калгандыктан эч ким издеген эмес.

Бирок ошол эле күнү кырсык болгон жерден 10 чакырымдай ылдый балыкчылар суудан бир жансыз денени таап алышып, милиция чакырышкан. Милиция ал сөөктү Токтогулга алып кетип, анын өздүгүн тактоо аракетин баштаган.

Эртеси, 3-июлда ошол эле кырсык болгон жерде (270-чакырым) дагы бир автоунаа сууга түшүп кетип, аны куткарганы барган куткаруучулар жээктеги дарактын жанынан бир белгисиз машинанын бамперинин сыныгы менен жаңы мамлекеттик номерди таап алышат. Ал номерди МАИ системасы аркылуу издешкенде 30-июнь күнү Бишкектин автобазарынан сатып алып, жаңы ээсине катталган Honda Fit машинасы болуп чыгат. Ал маалыматтар менен иликтеп, машина Аксы районунун тургунуна катталганы такталып, 2-июлда табылган жансыз дененин сүрөттөрү уотсап системасы аркылуу Аксыга жөнөтүлөт.

Көрсө окуя төмөндөгүдөй нукта өнүккөн экен: Москвада иштеп жүргөн 22 жаштагы Мыктыбек Т. уулу кичи мекени – Аксы районунун Кош-Дөбө айыл аймагынын Чиеке айылына кайтып келе жатып, Бишкектен атасына белек кылуу үчүн машина сатып ала кетүүнү чечет. Машина тандоого жардам берүү үчүн Оштогу эки студент жана Аксыдагы 1 классташын, жалпысынан 3 досун Бишкекке чакырат.

Москвадан учуп келген Мыктыбек 30-июнь күнү 3 классташы менен Бишкекте жолугушуп, автобазардан 280 миң сомго Honda Fit машинасын сатып алышып, төртөөсү Аксыны карай жөнөшөт. Сокулукта Мыктыбектин Ишен аттуу классташын атасы көрүп калып, “мени менен кетесин” деп уулун түшүрүп калат.

Калган үчөөсү, 1997-жылы туулган калассташ-достор Мыктыбек Т. уулу, Дүйшөн Ч. уулу, жана Ө.Б. жаңы алган машинасы менен Аксыны көздөй сапар тартышат. Саат кечки 18:00. чамасында “Суусамырда келе жатабыз” деп телефон аркылуу туугандарына кабарлашат. Андан кийин алар эч ким менен байланышпаган.

Саат кечки 20:00 чамасында Бишкек-Ош жолунун 270-чакырымындагы көпүрөнүн алдындагы бурулушта, айдоочу Мыктыбек машинаны башкара албай калып, даракты сүзүп, сууга кулап агып кетишет. Бул окуяны ошол учурда эч ким көрбөй калган.

Даракты сүзгөн учурда сынып калып калган бампердин сыныгы менен машинанын мамлекеттик номурун куткаруучулар эртеси, 3-июнь күнү гана кокустан байкап калышып, иликтөөнү башташкан.

2-июль күнү сөөгүн балыкчылар таап алган Дүйшөн Ч. уулун жакындары 4-июлда Токтогулдан алып кетишип, кечээ, 5-июль күнү жерге беришти.

Ал эми 5-июль күнү куткаруучулар суудан талкаланган Honda Fit машинасын таап чыгышкан.

Бүгүн, 6-июлда табылбай жаткан эки жигиттин сөөгү изделип, алардын бири Мыктыбек Т.уулу табылды. Мыктыбектин сөөгүн ӨКМдин куткаруучулары таап, милицияга өткөрүп беришти. Акыркы маалыматтар боюнча Мыктыбектин сөөгүн туугандары алып кетишип, эртең жерге берүү зыйнаты өтөт.

Азыркы учурда үчүнчү, табылбай жаткан Ө.Б. аттуу жигиттин сөөгүн издөө уланууда. Издөө иштерине ӨКМдин куткаруучуларынан сырткары 50ге жакын Аксылыктар катышууда.

https://www.youtube.com/watch?v=eYqdOdd_TGQ

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: