Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Евросоюздун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерини менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июлда, Европа Союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү, Европа Комиссиясынын вице-төрайымы  Федерика Могерини менен жолугушту.

Мамлекет башчысы Кыргызстанга расмий сапары менен келген Федерика Могерини менен учурашып, Евросоюзду парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

«Европа Союзу Кыргызстан үчүн ишенимдүү өнөктөш. Биз ортобуздагы кызматташууга артыкчылыктуу маани беребиз», — деп айтты Президент жана Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашуу боюнча ЕС менен сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү жыйынтыкталышын белгиледи.

Ал ЕС менен макулдашуу өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу алакалардын жаңы барагын ачып, кошумча импульс берерине ишенимин билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Евросоюздун Кыргызстанга берген социалдык-экономикалык жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, анын колдоосу менен туруктуу өнүгүү боюнча чечкиндүү кадамдар ишке ашырылып жатканын айтты.

Мамлекет башчысы Кыргызстан демократияны бекемдөө, экономикалык туруктуу мамлекетти куруу, адамдын укуктарын жана эркиндиктерин, социалдык адилеттүүлүк, толеранттуулук жана пикирлердин плюрализмин, калктын жашоо-турмушунун сапатын, деңгээлин камсыздоо боюнча тандап алган багытын карманганын, муну менен бирге чечимдер коомдук пикирдин кызыкчылыгында эске алуу менен кабыл алынаарын баса белгиледи.

Европа Союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерини жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, анын сапары жана Кыргызстандын жетекчилиги менен тез-тезден болуп турган жолугушуулар мындан да жемиштүү кызматташууну курууга жакшы мүмкүнчүлүк бергенине көңүл бурду.

Ал баса белгилегендей, бардык эки тараптуу макулдашуулар Президент Сооронбай Жээнбековдун саясий эркинин аркасы менен жетишилди жана Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашуунун алкагында Евросоюздун Кыргыз Республикасында 2020-2022-жылдарга карата суу ресурстарын интеграцияланган башкарууга багытталган программасы ишке ашырылат. Каржылоо ошондой эле өлкөнүн бюджеттик колдоосуна жана элет жерине жардам берүү, санариптештирүү жана билим берүү тармактарындагы инфраструктуралык долбоорлорго багытталаарын кошумчалады.

«Биз Кыргызстан менен болгон кызматташууга чоң маани беребиз жана өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүгө багыт алдык. Кыргызстан менен Евросоюздун соода-экономикалык мамилелери жогорку деңгээлге чыкканын белгилегим келет», — деп баса белгиледи Федерика Могерини.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Федерика Могерини Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан сот-укуктук реформасы, Евросоюздун Борбордук Азия тууралуу жаңы стратегиясы, Кыргызстанда мамлекет тарабынан аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү боюнча көрүлүп жаткан чаралары, таза суу менен камсыздоо боюнча долбоорлор, билим берүү, экономика жана соода тармактарындагы кызматташуу жөнүндө пикир алмашышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 11 = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: