Menu

Некролог – Мурунку маданият министри Марклен Баялинов дүйнөдөн кайтты

Бөлүшүү:

Кыргыз коомчулугу орду толгус оор жоготууга учурады.

2019-жылдын 5-июлунда узакка созулган оорудан кийин, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Улуттук кино академиянын академиги, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Марклен Касымалиевич Баялинов 86 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Марклен Касымалиевич Фрунзе шаарында 1933-жылдын 15-декабрында Кыргыз эл жазуучу Касымалы Баялиновдун үй-бүлөөсүндө туулган.

Кыргыз мамлекеттик университетин аяктагандан кийин 1955-жылдан баштап, Кыргыз ССРнин маданият министрлигинде инспектор, начальниктин орун басары, искусство иштери боюнча башкармалыктын начальниги катары эмгек жолун баштаган.

1970-1972-жылдары ал Кыргыз ССРнин маданият министринин биринчи орун басары, 1972-жылдан 1984-жылга чейин Кыргыз ССРнин Мамлекеттик кинематография комитетинин төрагасы.

1965-жылдан 1970 жылга чейин, жана андан кийин 1984-жылдан 1985-жылга чейин Марклен Касымалиевич Баялинов А.Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрынын башкы директору болуп иштеген. 1985-1989-жылдары Кыргыз ССРинин Маданият министри кызматын аркалаган.

“Саманчынын жолу” либретто балет-ораториясын жараткан авторлордун бири Марклен Баялинов 1975-жылы бул чыгарма боюнча СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. Чынгыз Айтматовдун “Кылым карытаар бир күн” чыгармасынын негизинде “Манкурт” балети
А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында М.Баялиновдун жазылган либреттосунда коюлган.

Марклен Касымалиевич А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрын жетектеген учурда, 20 дан ашык опера, 25 тен ашык балет спектаклдери жаралган. Анын иштеп турган кезинде театрга жаш муундар, таланттуу артистер келишип, алардын арасында СССРдин эл артистери Б.Миңжилкиев, К.Сартбаева, Х.Мухтаров, Т.Сейталиев, А.Токомбаева, Ч.Базарбаев сыяктуу сындуу опера жана балет искусствосунун чыгаан жылдыздары өсүп чыккан.

Марклен Баялиновдун иш билгилиги, улуттук маданиятты жана искусства чөйрөсүндөгү профессионалдуулукту көтөрүүгө болгон аракетинин негизинде жалпы чыгармачылыкта чоң өзгөрүүлөр жүргүзүлүп, өзгөчө театралдык багыттын ар тармактуу өнүгүшүнө, алардын бир эле республика чегинде эле эмес, чет өлкөлөрдөгү гастролдук ишинин гүлдөп өсүшүнө шарт түзүлүп турган.

Марклен Баялинов маданият министри кезинде Москва, Ленинград, Тбилиси, Кишинев, Ташкент  шаарларындагы чоң театрлардын гастролдук иш-чаралары үзгүлтүксүз уюштурулуп,  республика маданий иш-чарага толуп тургандыгы менен эсте калат.

Марклен Баялинов ардактуу эс алууга чыккан убагында, кыргыз элинин макал-ылакаптарын чогултуп орус тилине которуп жыйнак кылып чыгарган.

Марклен Баялинов Кыргыз ССР Жогорку Советинин үч жолку чакырылышына депутат болуп шайланган. Анын мамлекет алдында кылган эмгеги жогору бааланып Эмгек Кызыл Туу ордени жана бир нече медалдар менен сыйланып, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери ардактуу наамына татыган.

Замандын улуу инсаны, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Баялинов Марклен Касымалиевичтин дүйнөдөн кайткандыгына терең кайгыруу менен жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Маркумдун жаркын элеси кыргыз элинин эсинде түбөлүккө сакталат.

С.Ш. Жээнбеков, Д.А. Джумабеков, М.Д. Абылгазиев, К.А. Боронов, А.С. Өмүрбекова, Ж.П. Разаков, З.М. Аскаров, С.А. Кылжыев, Ч.А. Айдарбеков, К.А. Жунушалиев, М.Т. Джаманкулов, Б.Ж. Жеенбаева, С.Т. Муканбетов, Э.У. Чодуев, Ж.С. Бейшенов, Н.С. Мирзахмедов, Г.К. Кудайбердиева, К.С. Чолпонбаев, А.К. Жаманкулов, У.Т. Кочкоров, Э.Д. Тердикбаев, О.Н. Опумбаев, Э.К. Осмонбетов, Д.Д. Догоев, Б.Ж. Жакиев, Т.С. Садыков, К.С. Сартбаева, С.Т. Токтакунова, Б.Т. Шамшиев, А.А. Токомбаева, Т.С. Сейталиев, М.Т. Байжиев, Ж. Сейдакматова, Г.С. Базаров, Р.Н. Чокоева, Э.М. Молдокулова, С.Ч. Чоткараева, М.А. Бегалиев, К.Ы. Турапов, М. Бектеналиев.

Маркум Марклен Баялиновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 8-июлда эртең мененки саат 10.00дө А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 76 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: