Menu

Кыргыз тарап ЕС- БА Биринчи Экономикалык Форумун Кыргызстанда өткөрүү демилгесин көтөрдү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 7-июлда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Европа Союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерининин төрагалыгы астында Европа Союзу – Борбордук Азия тышкы иштер министрлеринин 15-жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралу КР ТИМинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлердин жолугушуусунун жүрүшүндө ЕС менен Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн кызыкчылык жараткан маселелердин кеңири спектри боюнча ачык жана ишеним жараткан пикир алмашуу болду.

Жолугушууда ушул жылдын 17-июнунда ЕС тарабынан жактырылган Борбордук Азия боюнча ЕСтин жаңы Стратегиясы сунушталды.

Тараптар ЕСтин жаңы регионалдык Стратегиясын мындан ары ишке ашыруунун, аны конкреттүү программалар жана демилгелер менен толуктоо маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле укуктун үстөмдүгү, демократияны илгерилетүү жана адам укуктарын камсыздоо, коопсуздукту камсыздоо, курчап турган чөйрө, климаттын өзгөрүлүшү жана суу ресурстарын башкаруу, жеке секторду өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, сооданы өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экономикасына, энергетикасына санариптик технологияларды киргизүү, транспорттук байланыштарды өнүктүрүү, билим берүү жана жаштар сыяктуу ЕСтин  жаңы Стратегиясынын алкагындагы негизги багыттарды натыйжалуу ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алмашылды.

ЕС-БА тышкы иштер министрлеринин 15-Жолугушуусунун алдында, ушул жылдын 5-6-июлунда Бишкек шаарында ЕС жана БА өлкөлөрүнүн жеке секторунун, жарандык коомунун, жаштардын жана илимий чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусунда биринчи жолу ЕСтин Форуму болуп өттү.

ЕС-БА  Форумунун жана ЕС-БА тышкы иштер министрлеринин 15-Жолугушуусунун жүрүшүндө кыргыз тарабы ЕС менен региондун өлкөлөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын натыйжалуу механизми боло ала турган ЕС-БА 1-Экономикалык форумун өткөрүү демилгеси менен чыкты. Бул демилгени Форумдун жана ЕС-БА жолугушуусунун бардык катышуучулары колдошту. Кыргыз тарабы 1-Экономикалык форумду 2020-жылы Кыргызстанда өткөрүүнү пландаштырууда.

Ошондой эле тараптар Борбордук Азиядагы уран калдыктарынын көйгөйлөрүн чечүү боюнча ЕС менен биргелешкен ишти улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Бул контекстте кыргыз тарабы Борбордук Азиядагы уран калдыктары бар жерлерди рекультивациялоо боюнча Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясынын талаасында пландаштырылган сайд-ивентти өткөрүү тууралуу ЕСке жана Борбордук Азия өлкөлөрүнөн келген кесиптештерге маалымдады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: