Menu

Казакстанда тунгуч президенттин туулган күнүндө жүздөгөн киши кармалды

Бөлүшүү:

Алматы, Нур-Султан, Актөбө жана Шымкент шаарларында 6-июль күнү жүздөгөн адамдарды полиция кармап кетти. Алар “Казакстандын демократиялык шайлоосу” кыймылынын жетекчиси Мухтар Аблязовдун өкмөткө каршы митингдерин колдоо иретинде чыгышкан.

Маалыматтарга караганда, кармалгандардын айрымдары 15 суткага камалды, айрымдарына айыппул салынды.

Кармалган жарандар азыркы бийлик жүргүзүп жаткан саясатка макул эместигин билдиришкен.

Борбордук стадиондо 70тей кишинин кармалганына күбө болгонун кабарлады. Көз карандысыз Vlast.kz сайты кармалгандардын саны жүздөй экенин билдирүүдө.

Бул арада Шымкент шаарында 6-июлда кармалгандардын айрымдары бошотулду. Алардын бири Данияр Байтилеу полиция кармалган адамдардын манжа изин алып, сүрөткө тартып, түшүнүк кат жаздыргандан кийин коё бергенин билдирди. Алардын көбүн алты сааттай кармашкан. Жалпысынан бул күнү шаардын борбордук аянтына чыккан 50дөй адам кармалган. Алардын баарына “мыйзамсыз митингге катышкан” деген айып тагылды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: