Menu

Орозбек Молдалиев, саясий серепчи: “Эрегишкенден маселе чечилбей тереңдейт”

Бөлүшүү:

– Орозбек агай, кырдаал күндөн-күнгө оорлоп баратат. Мамлекеттеги тирешкен жагдайды ким жолго салышы керек? Кокус жаңжал чыгып кетсе жоопкерчилик бийликте болушу керекпи же тарапташтарынын курчоосунда отурган Атамбаевдеби?

-Негизи мамлекеттин ичинде жагдайдын баарына бийлик жооптуу болот. Ошон үчүн Атамбаев жасап жаткан иштерден конфликт чыгып кетсе да, негизги жоопкерчилик бийликте болот. Атамбаев да мыйзам чегинен чыгып кетсе, жасап жаткан иштери боюнча жооп берет. Бирок ал кол тийбестиги алынганы менен жөнөкөй жарандардын катарындагы адам эмес, таасирдүү, кечээ күнү президент болгон, бардык жакта жетиштүү тарапташтары бар адам. Атамбаевде да жоопкерчилик бар. Бирок көбүрөөк жоопкерчилик бийликте болот. Ошондуктан бул кырдаалды кантип жолго салыш керек. Бул жагдайдан кантип чыгыш керек деген маселени бийлик терең ойлонуп анан чечиши керек.

– Кантип, кандай жол менен чечиши керек?

– Мамлекеттик органдар, жарандык активисттер, аксакалдар бар. Ошолор менен кеңешип, акылдашып туруп, анан бул маселени чечиши керек.

– Отунбаеванын Атамбаев саясий бечелдигин көрсөттү деген дооматы жөндүү элеби же аша чаап кеттиби?

– Роза Исаковнанын койгон дооматы, Атамбаев саясий бечелдигин көрсөтту дегени негизинен жөндүү эле. Бирок партиялаштары, санаалаштары оппозицияда чогуу жүргөндөр унчугушпаганы менен Атамбаев бийликке келсе ушундай иштерди жасап жиберээрин чындап эле билишкен жок беле деген маселе да бар. Баарынан кызыгы Атамбаев бийликтен түшүп, кол тийбестиги алынганча анчалык сындашчу эмес. Эми болсо ыгы келсе да, келбесе да сындап, саясий маданияттуулугубуздун төмөндүгүн көрсөтүп башташты.

– Сооронбай Жээнбеков менен Атамбаевди элдештирүүгө муктажбы же Атамбаев айтмакчы элдешүүгө мүмкүн болбой калдыбы?

– Менимче Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевди элдештирүүгө муктаждык жок. Бул экөө кайсы негизде элдешет деген маселе бар. Айтайын дегеним, Атамбаев макул элдешели десе, менин жакын адамдарыма жана өзүмө кылмыш иштерин токтот деген талап коёт. Башкача айтканда, булардын элдешүүсүнө башка негиз жок. Ошон үчүн элдешүүгө Сооронбай Жээнбеков барбайт. Анткени экөөнүн элдешүүсү кызматка, суракка таасири тийбей койбойт. Атамбаев досунун сырын билген үчүн элдешүүгө мүмкүн болбой калды деп ачык айтып жатат.

– Атамбаевдин тарапташтары аны колдоп Кой-Таштагы үйүндө чогулуп, “Форумдагы” митингге катышып жатса, Түлеев ага каршыларды чогултуп ал жакка барууга үндөй баштады. Түлеевдин мындай аракеттери мамлекеттин стабилдүүлүгүнө шек келтирип койбойбу?

– Нариман Түлеевдин Кой-Ташка барабыз, ошол жакка митинг өткөрөбүз деп эрегишкени чыны менен туура эмес. Анткени эрегишкенден маселе чечилбейт. Тескерисинче тереңдейт. Аны ээрчип баргандар менен Атамбаевдин тарапташтарынын ортосунда жаңжал чыгып кетсе ким жооп берет? Жаңжал чыгарууну көздөгөндөр кырдаалды башка нукка буруп кетсе не болот? Ошон үчүн Түлеев Атамбаевге айтчу сөзүн Кой-Ташка барбай деле басма сөз каражаттары аркылуу айтса деле жетиштүү болот. Кимиси болсо да сабырдуулук менен иш кылып, мыйзамдын чегинен чыгышпаса жакшы болот эле.

– Бийликтин негизги максаты Атамбаевди жоопко тартуубу же мамлекеттин тынчтыгына кам көрүүбү?

– Бийликтин негизги максаты Атамбаев эмес, ким кылмыш кылса да кылмыш жообуна тартуу болушу керек. Ошондой эле элдин тынчтыгын камсыз кылуу да бийликтин эң негизги максаттарынан болушу шарт. Бийлик ушул нерсенин баарын айкалыштырып иш алып барып, “Бул жерге келсеңер көрбөгөндү көрсөтөм” дегендерди да жөн койбошу керек. Анткени митинг болуп жаткан жерде провокацияга жол берилип, башка максатты көздөгөндөр жаңжал чыгарып, аны башка максатта колдонуп кетиши мүмкүн. Ошон үчүн эки тарап тең кырдаалды үчүнчү күчтөр колдонуп кеткенинен сак болушу керек.

– Алмазбек Атамбаев камалса эле Кыргызстанда адилеттүүлүк орноп, турмуш өз нугуна түшүп калабы?

– Адилеттүүлүк Атамбаевге эле келип такалып калган жери жок да. Атамбаев сотко келип, күнөөсү болсо жооп берип, күнөөсү жок болсо акталып чыгып кетиши керек. Адилеттүүлүк үчүн айтып коюшубуз керек. Атамбаев айтып жаткан айрым сөздөрдүн да чындыгы бар. Маселен, “Райым миллион коррупционер болсо да неге камалбайт” деген маселени көтөргөнү чыны менен жөндүү. Райым миллиондун мүлкү көптүгүнөн ушунча убакыттан бери финполиция санап бүтө албай жатабы же анын мүлкүн саноого барган адамдар жетишсиз болуп жатабы? Неге Финполиция азыркыга чейин жарытылуу жыйынтык чыгарбай, убакытты созуу менен алек болуп жатат. Же жогору жак шайлоодо колдогондорго өзгөчө мамиле жасап, колдобогондорго аёосуз чара көрүлүп жатабы? Кандай болгон күндө да мыйзам баарына бирдей болушу керек.

– Атамбаев митингде “Өкмөт менен парламент тарашы керек” – деди. Бүгүн чындап эле өкмөт менен парламент тарабаса болбойт деген зарылчылык жаралдыбы?

– Парламент тарашы керек дегенибиз менен парламенттин өзүнүн тарай турган жолдору, процедуралары бар. Конституцияда дагы, Жогорку Кеңештин регламентинде дагы парламент качан жана кандай жагдайда тарашы керектиги так, даана жазылган. Тактап айтканда, парламент өзү тарайбыз деп демилге көтөргөндө же өкмөткө ишеним көрсөтпөй, аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийлигинин ортосунда тиреш пайда болуп, кырдаал курчуп калган мезгилде президент өкмөттү же парламентти таратат. Азыр андай тарай турган негиз жок. Ошондой эле өкмөттүн тарашы да мыйзамда белгиленген. Аргументтери жок эле митингге чыкканда парламент, өкмөт тарасын, президент кетсин дей берсе эле кете беришпейт да.

– Атамбаевдин бийликке койгон дооматтары орундуу элеби?

-Атамбаевдин бийликке койгон негизги дооматы менин жанымда жүргөн адамдарга саясий куугунтук болуп жатат дегени. Негизинен анын санаалаштарына кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Кыргызстанда иш козголуп, кызматтан кетсе эле саясий куугунтук болуп жатат деп айтканды адатка айлантып алганбыз. Ошон үчүн соттун жыйынтыгы чыкканча унчукпай туруп, андан кийин доомат койсок болот. Атамбаевдин жанында жүргөндөрдүн азыр деле жакшы иштеп жаткандары бар.

-Баса, Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева аралашкан рейдерлик иштер чыга баштады. Бул Атамбаевди каралоонун бир түрү эмеспи?

-Раиса Атамбаеванын иштери боюнча массалык маалымат каражаттарына чыга калып, түрдүү иштери айтылып, бирок маани берилчү эмес. Кечээ КТРден иликтөө көрсөтүлүп, рейдерлик баскынчылыкка аралашканы боюнча маалымат айтылды. Ал тургай, Марас Арабаев Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берип жатканы боюнча маалымат кетти. Ошол жагын эске алсак, аны каралоо деп айтуу азырынча эрте. Анткени бул жерде миллиондогон суммалар тууралуу сөз болуп жатат.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: